Акыйкатчы өмүр бою эркинен ажыратылгандар отурган абакты текшерип чыкты (фото)










Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Аламүдүн районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №19-абактын абалы менен таанышып чыкты. Акыйкатчы институтунан 27-июлда билдиришкендей, Оторбаев абактын ашкана, медициналык пунктун жана башка жайларын текшерди.
Акыйкатчы ашкананы кошпогондо абактын шарттары эл аралык стандарттарга жооп бере турганын айтты. Учурда абактын ашканасын оңдоо үчүн бюджеттен каражат бөлүнүп, оңдоо иштери жүрүп жатат. Оторбаев буга чейин абакта отургандар жай айларында ысык болуп, атайын кийим кийип жүрүүгө мүмкүн эместигин айтып арызданышканын айтты.
Учурда бул жайда өмүр бою эркинен ажыратылган 73 адам жатат. Ар бир камера 4 адамга ылайыкташкан.
Айта кетсек, бүгүнкү күндө өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны 300дөн ашкан. Жаңы-Жер айылындагы абактын жаңы курулган биринчи имараты февраль айында пайдаланууга берилип, азыркы тапта абактын аймагындагы экинчи имарат курулуп жатат.


Ошондон коро тезирээк ушуга окшогондорду ондошсо болбойбу?!
Кыйратып койгонсуп автомат кир машинелер,стоматология менен бардык шартты тузуп канкорлорго жардам кылбай!!!
Канча наристе шарттын жоктугунан коз жумуп атат.
Буларды коруп куйуп эле кетесинда (((((
Кандай гана окунучтуу(((((