super.kg logo

"Cпутник-шаар" долбоору ишке ашса, көптөгөн жарандар өз мүмкүнчүлүгүнө жараша бардык шарттагы үйгө ээ болушат

 

"Cпутник-шаар" долбоорун ишке ашырууга кызыкдар инвесторлор менен ишти күчөтүү зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда "Бишкек шаарынын спутник-шаары" долбоорунун алкагында жеткиликтүү турак жай куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.

"Спутник-шаарды Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында ишке ашыруу пландаштырылууда. Бул максатта 30 гектар жер аянты бөлүнгөн, ал аймакка көп кабаттуу үйлөр жана бала бакча, мектеп, бейтапкана сыяктуу тийиштүү инфраструктура объекттери курулат", - деди ал.

Аны менен бирге вице-премьер-министр долбоорго тартылган мамлекеттик жана административдик органдардын уюшкан иши зарылдыгын белгиледи.

"Бул долбоор социалдык мааниге ээ. Аталган долбоордун ишке ашуусу менен көптөгөн жарандар өз мүмкүнчүлүгүнө жараша спутник-шаарда бардык шарттагы турак жайга ээ болот. Муну эске алуу менен, долбоордун болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үчүн потенциалдуу инвесторлор менен болгон ишти күчөтүү, спутник-шаардын курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин тез арада иштеп чыгуу зарыл", - деп айтты Панкратов. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.07.2016. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаар учун 30 гектар аз болот го,микрорайон эле болуп калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: