Баткенде “бир тууган агасын жана жеңесин бычактап өлтүргөн” деп шектелген жаран өмүр бою эркинен ажыратылды
Баткенде “бир тууган агасын жана жеңесин бычактап өлтүргөн” деп шектелген жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Баткен облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 15-март күнү Б.С. аттуу жаран Баткен шаарында эт сатып иштеген агасын жана анын аялын бычактап өлтүргөн. Мындан улам ага “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иш сотко өткөн.
Ишти Баткен райондук соту карап, кылмышка шектүүнүн мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан. Чечимге макул болбогон жактоочу Баткен облустук сотуна кайрылган. Облустук сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Өкүмгө нааразы тарап Жогорку Сотко көзөмөл иретинде даттанууга укуктуу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
daniyar84

28.07.2016. 10:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде адам олтуруп турмого кирсе жакшы жашайт экен турмодо.милиция кызматкерин олтуруп кирсе авторитет болот экен.ал эмне деген шумдук ал милиционер деле кыргыздын баласыго.окумоттон турмодогулорго деп айына акча болунот,корея олкосундо турмодогулор кылган кылмышына карап ар кандай завод фабрикаларга ишке болунот экен.адам омур бою эркинен ажыратылгандар зыяндуу жерлерде иштешет экен.биздечи аларды атайы солдаттарыбыз корушат куну туну бироолоп уруп тоноп кетпесин деп.иштетиш керек аларды.
Bazana

28.07.2016. 12:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daniyar84,ошол иш жок болуп атпайбы завод фабрикалар эчак эле таланып тонолуп жеке менчикке отуп кеткен.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.