Ысык-Ата районунда тамеки тартуудагы этиятсыздыктан 1 жаран каза тапты
Ысык-Ата районунда тамеки тартуудагы этиятсыздыктан 1 жаран каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кант шаарынын 2-кичи районундагы батирлердин биринен өрт чыгып, бөлмөдөгү диван жана матрац күйүп кеткен. Өрт болгон жерден 1945-жылы туулган Х.Евгений аттуу үй ээсинин жансыз денеси табылган. Анын сол капталы жана оң колу күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.