super.kg logo

Баткен облусунда жергиликтүү тургунду өлтүрүп, сууга чөктүрүп жиберген адам өмүр бою эркинен ажыратылды

 

Баткен облусунда жергиликтүү тургунду өлтүрүп, сууга чөктүрүп жиберген адам өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Баткен облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын январь айында Баткен районунун Кызыл-Бел айылында болгон. Анда спирт ичимдигин ичип отурушкан 3 адамдын ортосунда уруш чыгып, 1976-жылы туулган А.Х. жанындагы Н.Сны кетмен менен башка чаап өлтүргөн. Сөөктү жашыруу максатында А.Х. өнөктөшү К.Б. экөө жерге көмүп салышкан. Арадан эки күн өткөндөн кийин жансыз денеге таш байлап, сууга ыргытып жиберишкен. Бул окуяга шектүүлөр 15-март күнү Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалышкан.

2016-жылдын 17-июнунда Баткен райондук соту А.Х. 18 жылга, ал эми К.Б. 14 жылга эркинен ажыратылсын деген чечим чыгарган. Бул чечимге макул болбогон тарап облустук сотко кайрылган. 21-июлда Баткен облустук соту ишти карап, А.Хны өмүр бою, жанындагы өнөктөшү К.Бны 20 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: