super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Добулбас" тобунун "Ак тилек" клиби кыргыз элин ынтымактуу жашоого үндөйт

 

"Ар үйдө ак сакалдуу кары болсо,
Балпайган байбичеси дагы болсо.
Баласы баар таап эмгегинен,
Жанында жаркылдаган жары болсо"
деген саптары бар "Добулбас" тобунун "Ак тилек" ыры аталган топтун мыкты чыгармаларынын катарын толуктайт. Ал эми ырдын клиби тууралуу топтун солисти Кубат Тургумбаев буларга токтолду:

"Илгери ар бир айылда, үйдө баарын көзөмөлдөп, тарбия берип, башкарып отурган аксакалдар, энелер болор эле. Акыркы кезде чоңдор да, жаш балдар өз билгенин жасап, мурунку каада-салт жоголуп бараткандай. Биздин чыгармалар элге арналган, андыктан кыргыз элин ынтымакка үндөп, ар үйдө ак сакалдуу карыя, жанында байбичеси, ыймандуу уул-келини болсо деген жакшы ой-тилектер менен ырдын клибин тарттык".

Клиптин режиссёру Эрнист Сыдыков тартылчу актёр-актрисалардын баарын өзү тандап, клиптин идеясын иштеп чыккан. Андыктан топтун ырчыларына клип тартууда кыйынчылыктар жаралган эмес.

"Добулбас" тобунун "Ак тилек" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: