super.kg logo

"II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бий даярдап жаткан 500 ыктыярчыга тамак берилбей турганы башында эле айтылган" дейт уюштуруучу

 

Көчмөндөр оюндарына даярданып жаткан бийчилерге түшкү тамак бербей, тыныгууга да чыгарбай жатышканын SUPER.KG порталына өздөрүн ыктыярчылар катары тааныштырган эки окурман WhatsApp аркылуу билдирген.

Алар оюндардын ачылыш аземине даярдалып жаткан бийди үйрөнүү үчүн эртең менен келип, саат 10:00дөн 14:00гө чейин болуп жатышканын, бирок бул аралыкта аларга тамак берилбей жатканын жазышкан. "Маалымат каражаттары бизге тамак берилип жатканын айтышкан, бирок андай эмес! Бизге өтө орой мамиле кылынып жатат. Тамак бермек тургай, тыныгууда дүкөнгө да чыгарбай жатышат" деп жазылган окурмандын катында.

Экинчи тараптын оюн угуу үчүн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын мүчөсү, оюндардын ачылуу жана жабылуу аземине жооптуу болгон Дарика Асылбашевага кайрылдык. Ал башта эле ыктыярчыларга тамак берилбей турганы айтылганын, бийге даярдоо күнүнө болгону 3 саатка созулуп жатканын айтты.

"Биз бий боюнча даярдыкты 1-июлда баштадык. Башта суу болбогонун, суу куйганга идиштердин жетпей калганын моюнга алабыз. Калган күндөрү сууну үзгүлтүксүз берип келебиз. Аптасына ыктыярчылар 4 күн келип, бий боюнча репетиция кылып жатышат. 500 адамга тамак берүү чоң каражатты талап кылат эмеспи. Ошол себептүү репетициянын убактысын 5 сааттан 3 саатка кыскартканбыз. Айрымдары кечигип келгендиктен, бий кээде белгиленген убакыттан кечигип башталат. Ошондой эле анын баарын дүкөндөргө чыгып, курсак тойгузуп келгиле деп жиберип коюп, чогулта албай калбайбызбы. Менимче, 3 саатта курсак деле ачпаса керек", - дейт Д.Асылбашева.

Кошумчалай кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт. Учурда мелдешке катышарын расмий ырастаган мамлекеттердин саны 20га жетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
28.07.2016. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргызды уят кылбай бийлеп бергенине бийчилер акча да толоп беришет дебептир
28.07.2016. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Уже тырыштырып жатса кк. Ким жиберди кабарды деп ))
28.07.2016. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Уят эмеспи! Чыдаса откорушпойбу! Бироо укса уят,ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-07-28 18:07:34
28.07.2016. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу админ менин суроом Дарика Асылбашевага
бул иш чаранын чыгымдары үчүн өкмөт акча каражат бөлүп берди беле.
28.07.2016. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен Кыргызстан учун кечке сууда нанда жебей тынымсыз 1 ай бийлеп бермекмин, темболее ушундай чон салтанатта!Мен Кыргызстанумы суйом!
28.07.2016. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aibi8984,барып бийлеп бер да анда бул жерге чыгып суйлой бербей элге жарыя кылып
28.07.2016. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тундук кореяда майрамдарга суткалап даярдык корушот.Эгер каршы болсо пушкага байлап атып салышат.бизде 3 саатка чыдабай "соз эркиндигин" "демократияны" пайланасынар.Ушул ичш чарага катышып жаткандар ысык колдон болсо керек баары, конокторго жылуу маанай тартуулаш учун жергиликтуулор бир аз кыйынчылыктарга чыдап койсо жакшы болот.Эгер мамлекет чыгымдарды кобойтсо дагы президентти баш кылып сындап чыгабыз.Мамлекет алдында да ар бирибиздин милдетибиз бар. окунбогуло,суйунгуло ту
28.07.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыдап бийлегиле чынында 3саата курсак деле ачпайт .
28.07.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийчилер патриот болгула
28.07.2016. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шерменда шерменде дагы бир жолу шерменде.(с ЧУБАК АЖЫ)айткандай
28.07.2016. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шерменде дегег соз Чубак ажыгы чейин эле бар болчу. 3 саат жон эле бийлеп берип койгулачы, тамак дебей эле. Ыктыярчы (волонтер) болгонунор кайсы. Же сугатта журсон алып келип бийлетип жатышабы?
28.07.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир маалымат булактарында жүрбөйбү бийлеген кыздарга түшкү тамак берилип жатат деп ошону угуп алып булардында ичтери күйүп жатат да жебеген самсыны жеди дешсе..
29.07.2016. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Д. Асылбашева тура эле айтты. 500адамга тамак ташуу ото гор. 3саатта курсак ачбайтго. Ыктыярчылар болгондон кийин чыдап койгулачы!
29.07.2016. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уюштуруучулар силердин башынар иштейби деги?адамдын курсагы ач болсо,бийлемек турсун кыймыл аракет жасаганга моюну жар бербейт.Ач адам кай жерде бий бийлеп ыр ырдачу эле.Курсактарын тойгозгула,анан калганы оз жолу менен болот.Ыктыярчы болсо эле балее жаны жок бекен,бир маалдан 1-2чи кылып ысык тамак компоту менен бергиле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: