"Кайран элим, кайда баратабыз?!" баннеринин жаңы варианты алынып салынды

Байтик баатыр көчөсү менен Горький көчөсүнүн кесилишинде илинген "Кайран элим, кайда баратабыз?!" баннеринин жаңы түрү жайгашкан жарнактык тактасы “Коңурбаева” жеке ишканасына катталган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан бүгүн, 28-июлда кабарлашты.
Муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынан билдиришкендей, жарнак такта жайгашкан жердин ижарасы 2015-жылдын 25-декабрында аяктаган, жаңы келишим түзүлгөн эмес. Ижара аяктаган соң колдонгондугу үчүн 32 918 сом карыз топтолгон. "Тактоо учурунда ээси аталган тактаны башка бирөөгө ижарага бергени аныкталган. Ижарага алган адамга байланышканда ал эч кандай маалымат бербей турганын айтып, бирок жакын арада тактаны алып саларын билдирди", - деп айтылат мэриянын маалыматында.
Кызуу талкууга алынган баннерлер учурда алынып салынганы Бишкек шаарынын мэриясынан кошумчалашты.



Эн туура айттыныз !!!
Салтанаттап мактаба,
Сатып алсаң акчага
Биздин жердей эмес го
«Бейиш» деген жайыңар?!..
...
Жарык дүйнө – бейишим,
О дүйнөңдө бар бекен
Ушунун бир тамчысы?
Билип туруп чын сүйлө,
Бейиш мына бул – дүйнө!
Бейишиң жөнүндө жаттап алган сөздөрүңдү өзүңө эле калтыр, андан көрө эгер кыргыз болсоң кыргыздын акындары жөнүндө окуп бил.