super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Маргарет Тэтчердин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Улуу Британия элине көңүл айтты

 

9-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Падышачылыгынын премьер-министри Дэвид Камеронго Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тэтчердин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. “Кыргызстандын элинин атынан  жана өзүмдүн атымдан Сизге жана жалпы Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун элине дүйнөлүк масштабдагы мамлекеттик ишмер Маргарет Тэтчердин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам”, - деп белгиленет президенттин  көңүл айтуусунда. Мамлекет башчысы тайманбас лидерлиги менен элине, бүтүндөй дүйнө коомчулугуна кызмат кылгандыктан, баронесса Тэтчер дүйнө жүзүндө зор урматтоого жана кадыр-баркка ээ болгондугун белгилейт. “Баронесса Тэтчердин жаркын элеси биздин эсибизде жана болочок муундун эсинде түбөлүккө сакталат”, - дейт Алмазбек Атамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: