super.kg logo

Жыл сайын 5-6 миңге жакын жаран кургак учук илдетине чалдыгат, анын 1 миңге жакыны балдар жана өспүрүмдөр

 

Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев өкмөт тарабынан калк арасында кургак учук инфекциясын төмөндөтүү боюнча токтоосуз чаралар кабыл алынганын айтты. Анын айтымында, 1996-жылдан бери өкмөт тараптан "Кургак учук-I", "Кургак учук-II", "Кургак учук-III", "Кургак учук-IV " программалары бекитилип, ишке ашырылган.

Аталган программаларды ишке ашыруунун жыйынтыгында кургак учуктан жапа чеккен жарандардын саны кыскара баштады. "Кыргыз мамлекети кургак учукка карата дармектик туруктуулуктун жогорку көрсөткүчү байкалган 27 өлкөнүн катарына киргендиги кооптонуу жаратууда. Акыркы жылдары абал турукташтырылды. Кургак учукка каршы кызматтын инфраструктурасы, кадрдык потенциалы жакшыртылып, дарт аныктоо жана дарылоо сапаты жогорулатылды", - деп маалымдады министр.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, учурда кургак учукка каршы чараларды каржылоо маселесинде жагымдуу динамика орун алууда. Быйыл "Кургак учук-IV" программасынын бардык булактардан каржылануусу 31 миллион доллар суммасында күтүлүүдө жана 2013-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 6,3 миллион долларга жогорулайт. Республикалык бюджеттен жыл соңуна дейре 3 миллиард сомдон ашуун каржы бөлүнөт.

"Каржылоонун жакшырышына байланыштуу аталган программанын ийгиликтүү ишке ашырылышы байкалууда. Ошол эле учурда оорунун алдын алуу жана дарылоо иши дагы да жакшыртылууга муктаж. Жыл сайын Кыргыз Республикасында 5-6 миңге жакын алгачкы ирет бул ооруга чалдыккандар катталат, анын 1 миңге жакыны балдар жана өспүрүмдөр", - деди өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: