super.kg logo

Кыргыз окуучусу Грузияда өткөн "International Chemistry Olympiad" 48-олимпиадасында коло медалга ээ болду

 

2016-жылдын 23-июлунан 1-августка чейин Грузиянын Тбилиси шаарында химия предмети боюнча "International Chemistry Olympiad (IchO-2016)" 48-Эл аралык олимпиада болуп өттү. Олимпиадага дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн 320 окуучу катышты. Анда Кыргыз Республикасынан барган Ч.Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Доорон Маметов коло медалга ээ болду. Бул тууралуу "Себат" мекемесинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-августта кабарлады.

Бул эл аралык химия предмети боюнча олимпиада 1968-жылдан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучу өлкө 4 окуучудан турган командасы жана 2 жетекчиси менен катышууга укуктуу. Бул олимпиада түрдүү мамлекеттердин окуучуларынын арасында химия предметин билүү жана анын ыкмаларын колдонуу жөндөмдөрүн аныктоо боюнча өткөрүлүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: