super.kg logo

Кёльн шаарында өткөн Түркиянын президентин колдоо акциясынын катышуучулары менен Режеп Эрдогандын түз байланышына тыюу салынды

 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды колдоо максатында Германиянын Кёльн шаарында 31-июлда түрк бийлигин колдоо акциясы төңкөрүш аракетинин кесепетинен курман болгондорду жана Германия менен Францияда болгон теракттын курмандыктарын эскерүүдөн башталды. Акцияга негизинен түрк улутундагы Германиянын жарандары чогулуп, Режеп Тайип Эрдоганды колдой турганын билдиришти. Бул жөнүндө ТАСС агенттиги маалымдайт.

Кээ бир маалыматтарда акцияга 40 миңден ашуун адам катышканы айтылууда. Дойц районунда жайгашкан сахнада Түркиянын биринчи президенти Ататүрк Кемалдын сүрөтү илинген.

Түркиянын президенти жана жогорку башкаруу органдарынын өкүлдөрү акциянын катышуучуларына онлайн түрдө байланышка чыгары айтылган. Бирок Германиянын Федералдык Конституциялык Соту түз кайрылууга тыюу салган. Чогулган элдин алдына Түркиянын спорт министри Акиф Чагатай Кылыч сүйлөп: “Бул тыюу салуу боюнча Анкара Германия бийлигинен акылга сыярлык түшүндүрмө күтөт", - деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: