super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Кадамжай районунун тургуну сабалып, майып болуп калды

 

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Өрүкзар айылынын тургуну Нургазы Сарытаев 2016-жылдын 29-июнь күнү сабалып, учурда оор абалда ооруканада жатканын SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 1-августта окурман кабарлады.

Окурман жабыр тарткан Нургазы Сарытаевдин кайрылуусун жиберип, маселенин тиешелүү жактарга жетишин суранган.

"Ал күнү үйгө келе жатсам, унаам жүрбөй калды. 2 сааттай унаамды оңдоого аракет кылдым, бирок жүргүзө албай койдум. Алдыда трактор турган экен, "унаамды тартышып кой" деп сурандым, алар мага жардам бербей, милиция кызматкерлерин чакыртышты. Милиция кызматкерлери мени унаасына салып кетишти. Унаанын ичинде милиция кызматкерлеринен Нарбото, Ильяз, Аслан бар болчу. Нарбото тээп, Ильяз менен Аслан кармап берди. Султан деген кызматкер "бул менин агам болот" деп ажыратты. Алар мени белгисиз караңгы жерге алып барышып, ичиме аябай катуу тебишти. Ошол учурда эсимден танып калыптырмын. Бир убакта эсиме келип көзүмдү ачсам, убактылуу кармоочу жайда жатыптырмын. Нарбото жездем менен агама "миң доллар алып келсеңер чыгарам" дептир. 5 миң сом алып келип беришкенде мени чыгарышты. Андан кийин Кадамжай райондук ооруканасына жатып калдым. Ичегилерим жарылып кеткен экен, операция жасашты. Медицина кызматкерлери ичимден 2 литрге жакын кан алышыптыр. Операциядан 4 саатта чыктым. 12 күн ооруканада жаттым. Ал жерде абалым оорлошуп, Ош облустук ооруканасына жиберишти. Ош облустук ооруканасынан 1,5 метрдей ичегимди кесишти. Азыр абалым өтө оор, үчүнчү жолку операцияга даярдап жатышат. Бул операцияга күчүм жетпей калышы мүмкүн экен. Менин жашагым келет! Мени уруп-сабаган 5 милиция кызматкерине мыйзам боюнча чара көрүлүүсүн суранам", - деп айтылат кайрылууда.

Окуя тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгына байланышканыбызда, бул факт боюнча Баткен облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгонун кабарлашты.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(14)
01.08.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Оооой кокуй Атамбаев бугун прес конференцияда интернет сайтарды окууп турам деп айты бул кабар Атамбаевке жетип калса милицияларга бир каттуу чара корсотот деп ишенем.
01.08.2016. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
KGstan1981, интернет сайттарды окуганы чын болгондо эбак эле туура жыйынтык чыгармак. Ал айтканы лапшагон, айткандарынын 80-90% чындыкка жакындабайт. Эмне айтсам эле эл ишенет деп ойлойт окшойт.
01.08.2016. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кандай кылмыш кылганда да милициялардын уруп-сабоого акысы жок болуучу само суд болуп. Менимче кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы жана адам омуруно залал келтиргени учун жогорудагы милиция кызматкерлери кызматынан биротоло ажыратылып, 1-2 жылдан камалуулары тийиш. Бул жагы "менин милициям мени коргойбу же кордойбу" дегенден болуптур...
01.08.2016. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Озунон да откон, жондон жон эле болбойт да. Бир колдон ун чыкпайт, эки колдон чыгат
01.08.2016. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Online007, Озунон откон болсо мыйзам гана
Жазалайт. Корунгон сабатсыз менти
Элди сабай берсе кандай мамлекет
болобуз.? Мындай тартип сактоочулар
бизге керек эмес.
02.08.2016. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Online007,Алардын колунан куноосуз бир токмок жегенинде корот элем.Куноолуу болсон мейли,куноосу жок жаман арданасын. ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-08-02 10:25:57
02.08.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jyrgal_msk, провокациялык билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
01.08.2016. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
башы жок кызматкерлер, мен +100% милиция кыматкерлерине ишенбейм. алар каракчы эле болуп калды элди коргоштун ордуна элди кордоп журот эх эси жоктор, кудай буйруп министир болуп калсам ушуларга окшогон кызматтык алын кыяннатык менен пайдаланган адамдарды колум менен жаза берем соз!
vip.kg түзөттү 2016-08-01 20:10:00
01.08.2016. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал иттердин арасынан жакшысыда чыгып калат.бирок каргалар чокушпайт
01.08.2016. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Трактор айдагандар эмнеге милицияны чакырат интересно..
02.08.2016. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милициялар аман эле брлгула,алынар карапайым адамдарга эле жетет э.Кыйын экенсинер кармабайсынарбы коркунучтуу кылмышкерлерди. ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-08-02 10:22:47
02.08.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mishonia8077, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болууну сунуштайбыз!
02.08.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эээ бул жомоккгооо... Ошондо машинамды тартып кой дегени учун эле тиги тракторист милицияны чыкырдыбы? Анан алар жон эле сабап салды, а жабырлануучу эмнеге акча бер десе аларга жон эле 5000берди? озунун косягын жазбаптырго бул??? Чето нито...
02.08.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер кененирээк жазгыла ушул жонундо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: