super.kg logo

Ош облусу боюнча көзү азиз жарандар арасында интеллектуалдык таймаш өттү

 

Ош облусу боюнча көзү азиз жарандар арасында интеллектуалдык таймаш Ноокат районунда өттү. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Ош облустук казыятынан билдиришти.

Көзү азиздер коому тарабынан уюштурулган таймашта куран окуу, сүрөт табуу, оозеки дуба айтуу жана арабча сөз жасоо боюнча тапшырмалар берилген.

"Сынак учурунда катышуучуларга атайын сүрөт тартылган кагаздар таратылып, сүрөттө эмне тартылганын табуу тапшырмасы берилди. Мындан сырткары катышуучулар сезимталдуулугу жана жаттоо чеберчилиги аркылуу куран сүрөлөрүн кагазга чегилген тамгалар аркылуу окуп, оозеки сөздөрдү которуп, кураштырып жана дубаларды жатка айтышты", - деп кошумчалашты казыяттан.

Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Ош облустук мусулмандар казыятынын демөөрчүлүгү менен турмуш-тиричиликке керектүү буюм түрүндөгү белектер тапшырылды. Соңунда катышуучуларга сый тамак уюштурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: