super.kg logo
  Саясат  

Исмаил Исаков Кыргыз-Түрк "Манас" университетин Түркия жараны башкарып жатканына нааразы

 
Бүгүн, 10-апрелде ЖКнын жыйынында “Кыргызстан менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Анда Билим берүү жана илим министри Канат Садыков келишимде аталган университеттин ректору Түркия тарабынан кызматка дайындаларын айтты. “Мурун Кыргызстандын жараны ректор болуп шайланчу, 2011-жылкы келишимде ректорлукка Түркиянын жараны шайланары тууралуу сунуш киргизилген”,- деди министр. Ал эми депутат Исмаил Исаков буга каршы чыкты. “Эмне биздин мамлекетте ректор болгонго татыктуу жаран жокпу? Жогорку Кеңеш макулдук бере элек. Керектүү документ ратификация боло электе эмне үчүн Түркия жараны ректор болуп шайланып калды? Бизде мыйзам иштейби же жокпу?  Өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак, бизди ким сыйлайт?”,- деди Исаков.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: