super.kg logo

Ысык-Көлдө УКМК кызматкери адам өлүмүнө шектелип кармалды

 

Ысык-Көлдө УКМК кызматкери адам өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 29-июль күнү Тоң районунун Кара-Талаа айылында болгон. Анда эки адам ортосунда чыр чыгып, бири экинчисин бычак менен сайып салган. Натыйжада жабырлануучу Балыкчы шаардык ооруканасында каза тапкан. Ал эми кылмышка шектүү катары 31 жаштагы жаран кармалган.

Кылмышка шектүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкери экени аныкталды. Эгер күч тармагында иштеген адамдар кылмышка аралашса, ишти Аскер прокуратурасы карайт. Учурда Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ишти Аскер прокуратурасына өткөрүп беришүүдө”, - деди Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.

Ошондой эле ал кылмышка шектүү Бишкек шаарында иштеп-жашаарын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.08.2016. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ана сага
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: