ЖЫЛНААМА, 2-АВГУСТ: Мындан 2 жыл мурун ырчы, обончу, композитор Токон Эшбаев көз жумган

Мындан 2 жыл мурун 2014-жылы 2-августта ырчы, обончу, композитор Токон Эшбаев узакка созулган оорудан улам 64 жашында көз жумган. Маркумдун сөөгү туулуп-өскөн айылында 3-август күнү жерге берилген.
Токон Эшбаев 1950-жылы Ош облусунун Кара-Суу райондагы Керме-Тоо айылында туулган. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетин аяктаган. Студент кезинде "Ай, эжеке" деген ыры менен таанылган экен. 1992-жылы "Эмгек сиңирген артист" наамына, 2011-жылы "Эл артисти" деген наамга татыган. Токон Эшбаевдин "Жаштык", "Кызыл желек", "Ай, эжеке", "Атама", "Ак тилек", "Чаткалым", "Ак көйнөкчөн аппак кыз" өңдүү жүздөн ашуун обондуу ырлары Кыргыз радиосунун Алтын фондуна жазылган.
2015-жылы 1-августта Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылында обончу жана аткаруучу Токон Эшбаевдин эстелиги тургузулган.
2-августтун жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.