super.kg logo

Ошто малдын эти жүк ташыган унаага жүктөлүп баратканын SUPER.KG`ге кабарлаган окурман кезектеги смартфонго ээ болду

 

Жыл өткөн сайын коомчулукта терс көрүнүштөр күч алып бараткандай туюлат. Дүкөндөрдө сатылган азык-түлүктүн баары эле ишенич жаратпайт. Баарыбыз талаптарга жооп берген жайларда багылып, өстүрүлүп, иштетилген азык-түлүк менен тамактанууга аракет кылабыз. Чын дилинен таза, кылдаттык менен өз ишин аткарган өндүрүүчү, сатуучулардан тышкары эптеп өз товарын сатканга аракеттенгендердин саны да арбын. Ошто 9-июль күнү малдын этин жүк ташыган унаага жүктөп базарга алып бараткандыгы тууралуу кабарлаган окурманыбыз Айтмат Абдуллаевди SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши июль айынын жеңүүчүсү деп тапты. Мындай көрүнүшкө кайдыгер карабаган Ош калаасындагы окурманыбыз менен чакан маек курдук.

- Саламатсызбы, Айтмат! Бизге жиберген кабарыңыз сизди июль айынын жеңүүчүсү кылды. Куттуктайбыз!

- Чынбы, менби?! Чоң рахмат!

- Мындай көрүнүшкө биринчи жолу туш болдуңузбу, бул тууралуу кабар жөнөтүүгө эмне түрткү болду?

- Мен деле ушул сыяктуу жүк ташыган унаа айдайм. Ал күнү жумуштар менен жолдо бараткам, алдымдан малдын этин жүктөгөн Портер унаасын көрүп калдым. Эттин чаң баскан унаанын үстүндө жатканы кыжырды келтирди. Ал унаага жакын айдап барып, "алдына бир нерсе салып, үстүн жаап койбойт белеңер..." десем мени уккусу келбеген айдоочу көңүл коштук менен "ушундай эле ташып жүрөбүз" деген жооп узатты. Чынын айтсам, мындай жооп күткөн эмесмин, андай сөздөрдү укканымда аябай ачууландым. Мен да этти базардан сатып алам, кардармын дегендей, шаардын 90 пайызы мендейлер. Анан биз алган эт кандай шартта базарга жетип жатканын эл билсин деген ниетте ал тууралуу кабар жөнөтүүнү туура көрдүм.

- Демек, өзүңүздүн жана башкалардын да ден соолугуна кам көрүүгө аракет кылыптырсыз да?

- Бул эт жүктөлгөн унаага мал да жүктөлөт, башкасы да жүктөлөт. Башка аймактарда кандай экенин билбейм, бирок минтип көчөгө чыккандан коркушса керек. Унаанын үстүн шыпырып, суу менен жууган күндө деле жерде канча инфекция, канча оорунун түрү бар... Элге сатыла турган этти антип эч нерсе салбай ташуу эч бир эрежеге туура келбесе керек. Анын үстүнө эгер сатыкка чыга турган малдын эти ушундай шартта ташылып жатса, ал кандай жол менен союлуп жатканын ким билсин... Эң өкүнүчтүүсү - айрым жоопкерчиликсиз адамдардын мындай кылыктары менен жат нерсени көнүмүш адатка айлантып жатканы.

- Июль айынын жеңүүчүсү болуп калам деп ойлодуңуз беле?

- Мен дагы эле ишенбей турам, сиздерге ыраазычылыгымды билдирем. "ЭЛДИК КАБАРга" кандай маалыматтар чыгып жатканын дайыма окуп турам, бул кабарды жөнөтүп жатканда ал көйгөй тууралуу элге жеткирүүнү гана максат кылган элем. Сиздердин менин жеңүүчү болгондугум тууралуу кабарыңыздар мага күтүүсүз белек болду.

Бул туурасында Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Кумарбек Исаковго кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди: "Биздин инспекция тарабынан мындай көрүнүштөрдү жоюу максатында бир катар иш-аракеттер жасалып келет. Мыйзамга ылайык, биздин мекеме жылына бир гана жолу жана Экономика министрлигинин тийиштүү уруксатынын негизинде гана текшерүү иштерин жүргүзүүгө укуктуу.
Этти минтип унаанын үстүнө таштап коюп ташуу бир да эрежеге туура келбейт. Эгер ал жаран кармала турган болсо, 7 миң сом айып пул төлөмөк. Жыл башында эт сатуучу жайлардын баарына тиешелүү токтом таратылып берилет. Анда этти кандай шартта ташуу, сатуу жана кандай талаптарга жооп берүүгө тийиш экендиги көрсөтүлгөн. Жыл башынан бери эт сатуучу дүкөндөрдүн баарында текшерүү иштери жүрүп, баарына айнектер орнотулду".

"ЭЛДИК КАБАР" өлкөнүн жарандары менен бийлик бутактарынын ортосунда көпүрөлүк кызматты аткарып, бир топ көйгөйдүн чечилишине салымын кошту. Окурмандардын саны улам артып, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: бийлик органдарынын шалаакылыгы, адам өмүрүнө коркунуч жараткан имараттар жана кулаганы калган дарактар, бузулган жолдор, шаардын жарыксыз көчөлөрү тууралуу маалыматтарын окурмандар биз менен бөлүшүү үстүндө. SUPER.KG порталы алардын көйгөйүн жана жакшы жаңылыктарын чагылдырууну мындан ары да уланта бермекчи.

"Элдик кабардын" буга чейинки жеңүүчүлөрү:

2015-жыл, апрель - Чынберди Жанышов (Жалал-Абад облусу, Сузак району).
2015-жыл, май - Сабира Казамбекова (Ош облусу, Ош шаары).
2015-жыл, июнь - Алина Мустапакул кызы (Баткен облусу, Кадамжай району).
2015-жыл, июль - Байысбек Жеңишбек уулу (Нарын облусу, Ак-Талаа району).
2015-жыл, август - Толгонай Таалайбек кызы (Бишкек шаары).
2015-жыл, сентябрь - Нурсултан Токтосунов (Ош облусу, Ош шаары).
2015-жыл, октябрь - Куттубек Абдуллаев (Ош облусу, Ош шаары).
2015-жыл, ноябрь - Асылбек Мадалиев (Баткен облусу, Кадамжай району).
2015-жыл, декабрь - Рустамбек Эгембердиев (Баткен облусу, Лейлек району).
2016-жыл, январь - Бектур Эшимбетов (Бишкек шаары).
2016-жыл, февраль - Жыргалбек Шерматов (Баткен облусу, Кадамжай району).
2016-жыл, март - Кубат уулу Азим (Бишкек шаары).
2016-жыл, апрель - Роза Кадыркулова (Бишкек шаары).
2016-жыл, май - Астра Токталиева (Бишкек шаары).
2016-жыл, июнь - Калыгул Бейшекеев (Бишкек шаары).





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(11)
02.08.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
belek buiursun,tatyktuu ele tandapsynar
02.08.2016. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Куттуктайм.
02.08.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсын. Дагы жакшы, элге пайдалуу кабарларды жонотуп тур
02.08.2016. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынтип ташыгандар толтура кором го. Ошто домбытада. эмки келгенде тартып жонотуп койоюнчу ))) кут болсун телефонунуз ))
02.08.2016. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да куттуктайм,бирок дагы эле мындай корунуштор коп.Кармалганда 7 мин айып толомок дептир портердин номери туратко кармаса болбойбу же арыз жазыш керекпи.
02.08.2016. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат баарынарга, айтканыныздар келсин)
02.08.2016. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-инфо гезитини жалпы жамаатына ыраазычылык билдирем! Ишиниздерге ийгилик.
03.08.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Белегиниз кут болсун!
04.08.2016. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Белегин кут болсун, ар дайым эл учун куйгон жигиттерден бол. Сени менен ар дайым сыймыктанабыз, биз да аябай суйундук, укам.
04.08.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооо, Айтмат өзүбүздүн инибизго белегиң кут болсун!
25.08.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охоо Айтмат Молодец!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: