super.kg logo

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дыйкандардан буудай сатып алууну 10-августта баштайт

 

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 10-августтан тарта жергиликтүү айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдөн азык-түлүк, буудай данын сатып ала баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан бекитилген квотага жана Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бекиткен баага ылайык, 23 пайыздан кем эмес клейковинаны камтыган 2016-жылдын азык-түлүк буудай данын сатып алуу жүргүзүлөт.

Республиканын бардык аймактарында дан даярдоочу такай иштеген пункттар иш алып барат. Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында азык-түлүк буудай данын даярдоо үчүн убактылуу пункттар уюштурулган. Кийинчерээк чогултулган дан Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун аймактык ишканаларынын жоопкер жактары аркылуу өз алдынча ташылып кетет.

Бүгүнкү күндө бардык дан кабыл алуу пункттары буудай кабыл алууга даяр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.08.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ортомчулар чыдамсыздык менен күтүп атат экенда. Дыйкандар коркууп турушат азыр арзан болуп кетпейт бекен деп.
03.08.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ортомчуларга мыйзам тарабынан тыйуу салынса жакшыле Болмок анткени дыйкан жайлата сепкен данын арзан баада берип коюп жалдырап калп жатат же жашоосу онолбойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: