Бишкекте мектеп окуучулары абактагы балдардын абалы менен таанышты
Бишкекте мектептердин жогорку класстарынын 52 окуучусу 9-апрель күнү абакта отурган балдардын абалы менен таанышып чыгышты. Бишкек шаардык ИИББи билдиргендей, окуучулар Панфилов районунун Вознесеновка айылындагы №14-өспүрүмдөр колониясында болушту. Иш-чаранын максаты - балдар жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтууга салым кошуу болуп саналат. "Өзү теңдүү балдардын абакта отурганын көрсөтүү окуучулар үчүн натыйжалуу иш болот",- деп айтылат басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















