super.kg logo

Бишкекте эмен, кара жыгач, терек дарактары белгисиз оору менен ооруп, куурап жатат (фоторепортаж)

 
Сейил бактагы шыпырылбаган жол
Куураган дарак

Бишкектеги Кара-Жыгач сейил багында эмен, кара жыгач, терек дарактары белгисиз оору менен ооруп, куурап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта SUPER.KG порталына Кара-Жыгач сейил багынын башчысы Дамир Исмаилов билдирди.

"Сейил бакта жүздөгөн эмен, терек, кара жыгач дарактары куурап жатат. Дарактардын жалбырактары түшүп, шактары гана калды. Эмнеден улам куурап жатканы түшүнүксүз. Кандайдыр бир оору менен ооруп жатса керек. Бул боюнча атайын адистер да тыянак чыгара албай жатышат", -дейт Исмаилов.

143 гектар жерди ээлеп жаткан Кара-Жыгач сейил багы 1881-жылы түптөлгөн. Аталган бакта 5 миңден ашуун дарак бар. Бакчаны аралап жүрүп таптакыр куурап калган 20дан ашуун дарактарды кезиктирдик. Шактары сынып, бир канча убакыттан бери жол жээгинде алынбай жатат.

"Куураган дарактарды мен өз алдымча кырка албайм, ал дарак таптакыр куурап калса да. Бул боюнча Бишкек шаардык мэриясынын атайын түзгөн комиссиясы бар. Алар макулдашып, тийиштүү кызматтар уруксат бергенде гана кесүүгө болот", - дейт сейил бактын башчысы.

Маалым болгондой, бакчанын жетекчилиги бактын көркүн кетирип куурап турган дарактарды кесүү боюнча атайын кат жүзүндө тиешелүү кызматтарга кайрылган эмес.

"Сейил бактын аянты такталган эмес. Буга чейин 200 гектар болчу. Андан кийин 180 болду. Азыр биз Кара-Жыгач сейил багында 130 гектар жерди кайтарабыз. Калганын билбеймин. Азыркы учурда жерди басып алуулар көп болуп жатат. Сейил бактын аянтын ким тактаарын билбейм. Негизи, сейил бактын жалпы аянты 143 гектар деп да жазылып жүрөт", - деп кошумчалады Дамир Исмаилов.

Сейил бакта куураган дарактардын сынган шактары гана эмес, ар кайсы дарактын түбүнө ташталган таштандылар да жатат. Аталган бакта кароолчулар иштегени менен, ар кайсы жерде спирт ичимдигин ичип отургандарды байкай алдык.

Кара-Жыгач сейил багында 12 тазалык кызматкери, 8 кароолчу иштейт. Бакчанын жетекчиси Исмаиловдун айтымында, 130 гектар бакты тазалоо иштерине жогорудагы кызматкерлер жетишпейт, мындан улам таштандыларды тазалоо кыйын болуп жатат. Ал эми сынып жаткан дарактардын шактары, үйүлгөн жалбырактар, сынган отургучтар, ташталган желим бөтөлкөлөр боюнча жетекчи "тазалайбыз, иретке келтиребиз" дегенден башка сөз айта алган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.08.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эми уят да, таштандынарды да малга окшоп корунгон жерге таштайсынарбы! Ар ким озун таза алып журсо, шаарыбыз, жерибиз, пейлибиз да тазармак. Анан дарактардын эмне себептен ооруп жаткандыгын созсуз турдо тактоо керек, бул чойробузго чон терс таасирин тийгизуусу мумкун.
03.08.2016. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сейил бакта дарбыз жегендерди кандай тушунсо болот? Кандай адамдар таштайт экен таштандыны. Мейли жаман тамагына жегенден кийин тазалап кетишбейт бекен.
03.08.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суу жетпей куурап аткан го ыссыкта!
03.08.2016. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emi owol seyil bakka kezek keldibi eptep kuuratyp jok kilsa jerlerin bolup satyp chontok toltursanar e. jebegeniner adam ele kaldigo jok degende darylap aman saktap kalsa bolotko bir bak osturuw uchun 20 jyl ubakyt kerek boz bolso osup turgan bakty talkalaybyz
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: