super.kg logo
  Саясат  

Түркиялык массалык маалымат каражаттары Алмазбек Атамбаевдин жообун "текебер жооп" деп баалашты

 

Президент Алмазбек Атамбаев 1-августта Чолпон-Ата шаарында маалымат жыйын өткөрүп, анда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Кыргыз мамлекетине койгон талабы тууралуу жооп кайтарган. "Haber 10" басылмасы 2-августта "Алмазбек Атамбаевдин Түркияга төңкөрүш тууралуу текебер жообу" деп жарыяласа, дагы бир басылма "Кыргыз Республикасы Түркиянын эскертүүсүн абсурд деп тапты" деген темада маалымат таратты.

Түркия 15-июлдан 16-июлга караган түнү болгон төңкөрүш жасоо аракетине дин аалымы Фетхуллах Гүленди айыптап чыгып, өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргыз жериндеги Гүлендин уюмуна таандык лицейлерди жабууну талап кылган.

Алмазбек Атамбаев журналисттер тарабынан берилген суроолорго жооп берип жатып: “Сөз мектеп тууралуу болуп жатса, биз, албетте, текшерип чыгабыз. Бирок бул мектептер өлкөбүздүн ичинде жана биздин стандарттарга ылайык иштеп жатат. Эгер ушунчалык акылдуу болушса, анда эмнеге өздөрүндө мындай төңкөрүшкө жол беришти? Бизди коркутуунун кереги жок, - деп айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: