КИНОЗАЛ: "Поларис шооласы" тасмасында режиссёр талап кылган терс образды жараттым" дейт актёр Амантур Мусаев





"Кинозал" бөлүмү "Поларис шооласы" тасмасы менен толукталды. Мелодрама жанрындагы тасма 2015-жылы тартылган, режиссёрлору - Таалай Абдураимов, Камчыбек Илиязов. Анда актёр-актрисалар Амантур Мусаев, Чолпон Темирбекова, Улан Медеркулов, Айпери Малдыбаева роль жаратышкан.
Аталган тасмада башкы каармандын образын жараткан Амантур Мусаев тасма тууралуу мындай дейт:
"Бул тасмага башкы режиссёрдун сунушу менен тартылып калдым. Көбүнчө терс каармандагы образды жаратууга аракет кылам. Ошон үчүн да тартылдым. Тасманын профессионалдык деңгээлине, сапатына жана кандай тарбиялык мааниси бар экенине тартуучу топ жооп берет. Менин милдетим - режиссёр берген тапшырманы толук кандуу аткарып берүү. Мен ишеничтүү айта алам, бул тасмада режиссёр менден талап кылган образды ойноп бердим".
Тасмада үлпөт тоюнун алдында Европага эс алууга бара турган кыз-жигит тууралуу баяндалат. Бирок жаштар кабылган окуялар алардын бактылуу келечекти түзүү пландарын толугу менен өзгөртөт.
"Поларис шооласы" тасмасын бул жерден көрүңүз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
KASTOR KASYM

08.08.2016. 17:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
katuu katuu
aitowa11

09.08.2016. 02:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруп алып ыйладым
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.