II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган мамлекеттердин саны 29га жетти

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышарын ырастаган мамлекеттердин саны 29га жетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына оюндардын катчылыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мамлекеттер катышуу тилегин билдирген катын 7-августка чейин жөнөтүшү керек. Катчылык 40ка жакын мамлекетке чакыруу жиберген. Бүгүнкү күндө катышарын ырастаган мамлекеттердин саны 29 болду: Азербайжан, Аргентина, Армения, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Израиль, Индия, Индонезия, Италия, Казакстан, Кытай, Колумбия, Латвия, Литва, Монголия, Нидерланды, Пакистан, Перу, Польша, Орусия, Словакия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Шри-Ланка, Эквадор жана Эстония.
Кошумчалай кетсек, II Дүйнөлүк көчмөн оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдө орун алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Кызык
Саламатсыздарбы! Жакындаганда маалымат берип турабыз.
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жаңы салынып жаткан ипподромдо өткөрүлөт. Толугураак маалыматты төмөндөгү шилтеме менен кирип окусаңыз болот:
http://www.super.kg/kabar/news/151917/