super.kg logo

Өлкө боюнча 6 ай аралыгында чогулган негизги салыктардын суммасы 31 миллион 63 миң сомго жетти

 

Өлкө боюнча 6 ай аралыгында чогулган негизги салыктардын суммасы 31 миллион 63 миң сомго жетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта SUPER.KG порталына Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер салыгынан 490 079 сом 7 тыйын, сатуудан түшкөн салыктан 3 миллион 552 974 сом 5 тыйын, кыймылдуу мүлк салыгынан 270 195 сом 2 тыйын, кыймылсыз мүлк салыгынан 394 849 сом 4 тыйын, ал эми киреше салыгынан 1 миллион 849 512 сом 2 тыйын, атайын режимдер боюнча салыктардан 1 миллион 194 577 сом каражат чогулган.

Мындан сырткары акциздик салыктан 3 миллион 913 899 сом 6 тыйын, салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан 4 миллион 128 127 сом 3 тыйын чогултулса, кошумча нарк салыгынан 11 миллион 117 353 сом 1 тыйын чогултулган. Ал эми "Кумтөрдүн" жалпы киреше салыгынан 2 миллион 075 244 сом 4 тыйын каражат түшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: