super.kg logo

Ош шаарында жугуштуу оорулардын алдын алуу, аларга каршы күрөшүү тууралуу жыйын өттү

 

Кечээ, 3-августта Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыровдун катышуусунда Эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө кырдаалдар комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда кутурма, күйдүргү, эхинококк, бруцеллёз жана башка өтө кооптуу жугуштуу оорулардын алдын алуу, алардын учурдагы абалы, аларга каршы күрөшүү боюнча аткарылган 6 айлыктын жумуштары туурасында сөз болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

6 айлыктын жыйынтыгы менен холера оорусу боюнча 231 адам изилденип, холера вибриону табылган эмес. Ал эми 505 ичеги-карын оорулары катталган. Бруцеллёз илдетине чалдыккандар өткөн жылдын 6 айлыгына салыштырмалуу 10 учурга аз, күйдүргү оорусу катталган эмес. Эхинококк илдетине чалдыккан 133 учур катталып, 122си башка аймактардын, 11 шаардын жарандары экендиги аныкталган.

Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров кооптуу жугуштуу оорулардын эпидемиологиялык маселе боюнча эл арасында, ачык соода-саттык жүрүп жаткан жайларда тийиштүү мекеме-ишканалардын адистери биргелешип түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп турууну тапшырды.

"Мал союучу жайларда, сүт, эт азыктарын ачык жайларда саткан сатуучуларга жугуштуу оорулар туурасында маалымат берип, гигиеналык тазалыкты сактоого үндөө зарыл. Күз мезгилинде күч алчу жугуштуу оорулардын алдын алып, үй жаныбарларын өз убагында эмдетиш керек. Ар бир тийиштүү ишканалардын адистери шаардыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алдын алуу аракеттерин көрөлү”, - деп билдилди Н.Кадыров.

Белгилей кетсек, Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы тарабынан бардык жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жүрүп жатат, ал эми ар бир аймактык кеңешке бирден ветеринардык бөлүм ачуу пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.08.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы мезгилдерде гепатит да кобойуп жатат. Ушуга да жалпы вакцинация,прививка кылышса болот эле. Коркот экенсин качан жуктуруп алам деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: