Ош шаарында каналга чөгүп кеткен 3 жаштагы баланын жансыз денеси табылды
Ош шаарында каналга чөгүп кеткен 3 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 3-августта саат 12:30дар чамасында Озгур айылындагы Увам каналындагы сууга 3 жаштагы С. у. Э. аттуу бала чөгүп кеткен. "Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары, жергиликтүү тургундардан 10 адам жана Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан куткаруучулары Увам каналынан сууга чөккөн баланы издешкен. Натыйжада баланын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Өлүм менен күрөшүп аткан көз ирмемдерди элестетүү кандай кайгылуу! Апакеңдин акыбалы... Эч кимдин башына салбасын