super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-АВГУСТ: Брэд Питт менен туугандык жайы бар АКШнын 44-президенти Барак Обама 55 жашка толду

 
Барак Обаманын жаш кези
"Грэмми" сыйлыгын алуу учурунда
Жубайы Мишель Обама менен
Президент үй-бүлөсү менен

Мындан 55 жыл мурун, 1961-жылы 4-августта АКШнын тарыхындагы биринчи кара терилүү өлкө башчысы, өлкөнүн 44-президенти Барак Обама Гавайиде туулган. Мектеп жылдарында баскетболго аябай кызыгып, ал тургай Пунахау командасынын курамында штаттын чемпиондугун да жеңип алган. 1983-жылы Эл аралык бизнес корпорациясында каржылык маалымат бөлүмүнүн редактору болгон. 1988-жылы Гарвард университетине тапшырып, университеттин "Harvard Law Review" басылмасынын тарыхында биринчи жолу кара терилүү редактор болгон.

"Нобель", "Грэмми" сыйлыктарынын ээси, кийинүү стили Америка жаштары үчүн үлгү болгон Барак Обама тууралуу кызыктуу маалыматтарды назарыңыздарга сунуштайбыз.

1. Барак Обама бир нече китептердин автору. "Атамдын кыялдары", "Үмүттүн чечкиндүүлүгү" китептери АКШда бестселлерге айланган. Өткөн жылы китептерин сатуудан жубайы Мишель Обама экөө 4 миллион доллардан ашуун каражатка ээ болушкан.

2. Күн сайын улуу кызына Гарри Поттер тууралуу китептерди окуп бергендиктен, ал жөнүндө бардык китептерди окуп чыккан.

3. Кариб аралындагы Антигуа жана Барбуда мамлекеттеринин бийлиги Барак Обама президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен соң анын урматына андагы эң бийик чокуга ысымын ыйгарышкан.

4.Өспүрүм кезинде "Baskin-Robbins" балмуздак түйүнүндө иштегендиктен балмуздакты жактырбайт.

5. Мишель Обаманын айтымында, Обама абдан романтик, дайыма гүл тартуулап турат.

6. Барак Обама индиялык Махатма Ганди, америкалык Авраам Линкольн, Мартин Лютер Кинг сыяктуу адамдарга окшогусу келерин билдирген.

7. 2006-жылы Обама китебинин аудиоверсиясы үчүн "Сүйлөшүү жанрындагы мыкты альбом" номинациясында "Грэмми" сыйлыгын алган.

8. Жөргөмүш-адам тууралуу комикстерди чогултат.

9. Обамада Мухаммед Алинин кол тамгасы түшүрүлгөн боксёр мээлейи бар.

10. Массалык маалымат каражаттардын билдиришинче, Барак Обама менен актёр Брэд Питтин туугандык жайы бар. Тарыхый гендик изилдөө жүргүзгөн коомдун айтымында, Питт менен Обаманын 9-аталары тууган болушкан.

4-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(12)
04.08.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз деле куттуктайбыз!!!
04.08.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куттуктап журо бергиле, делать ничего. Байкуш дыйкандар тушумун сата албай кыйналып журот ортомчуларга ит бекер берип, мал сатып тирилигине жумшайын десе мал-кой да кыйын арзан. Аларды ойлогон эч ким жок, ЕАЭСке кирсенер жер-жемиш, жашылча, эт-сут ж.б. Казахстан, Россияга экспорттойбуз деген Окмоттун создору суу кечпей калды, эми 99 сертификат алса экспорттошот имиш дыйкандар, как будто им делать ничего. Байкуш элет элинин таянганы-куткону Россиядан тыйын салган уул-кыздары..
04.08.2016. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Frunze74,башта кайда журдун эле Кыргызстан эли 25жылдан бери озун озу багып келе жатат,эмне кылыш керек экендигин да айта кетсен,айла жок кудай билет ,куда кааласа ,ач бололу ,тынч бололу деп эле калды элеттиктер .О
04.08.2016. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Frunze74, бул жерде ТС га Обаманын эмне тиешеси бар?
04.08.2016. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Frunze74,Айткандарыныз туура! Бирок, ЕАЭСке кирбегенде деле жыргап кетпей ошол болмокпуз даже хуже!Озбек, Тажике кошуп бизди да какшатат эле ПАТЕНТ деген балеени сурап! Азыр Россиянын озундо деле кризис болуп атпайбы?Эми сабыр кылып турсак Кудайым буйруса онолуп кетеербиз
04.08.2016. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Куттуктайбыз!
04.08.2016. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бред Питт деп, силерда жайлайсынарда супер ))
04.08.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭАЭБге киребиз деп кризис болуп жатат.
04.08.2016. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшылап карасанар Усама Бен Ладенге окшош экен.
04.08.2016. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ofiser26, Усaма бен Мухаммед бен Авад бен Лaден! Окшойт экен бирок анын оозу айырмаланып турат бираз
04.08.2016. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусияга абдан ыраазымын кыргыздарды ачкачылыктан сактап калды
04.08.2016. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм Обама мн Мишел эн сонун пара. Идеалдуу уй було!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: