super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер-министр Камила Талиева борбор шаарды көрктөндүрүү боюнча жаштардын акциясына катышты

 

Бүгүн, 10-апрелде вице-премьер-министр Камила Талиева Ж.Баласагын атындагы КУУнун жаш окутуучулары жана жаштар комитетинин демилгеси менен уюштурулган “Сүйүктүү шаарым, жашыл шаарым” деген көрктөндүрүү акциясына катышты. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, акцияга 600дөн ашык студенттер менен жаш окутуучулар катышты. Жаштар менен көчөт отургузуп жатып, Камила Талиева көчөттөрдү отургузуп эле тим болбой ага камкордук көрүш керектигин билдирди. “Биз баардыгыбыз кам көргөндөн баштап, Бишкек чыныгы жашыл шаарга айланып, өзүбүзгө  гана эмес, кийинки муундарга кубаныч тартуулайт” ,-деди ал. Бишкек шаардык мэриясы жаштардын мындай демилгесин колдоого алып, Айни жана Муромск көчөлөрүнүн кесилишиндеги куурап, кароосуз калган  3 гектарга жакын жер үлүшүнө көчөт отургузууга мүмкүнчүлүк берүү менен 600дөн ашык жаш көчөттөрдү бөлүп берген. Бөлүнгөн көчөттөрдүн бардыгы бүгүн толук отургузулуп, болочок жашыл паркка айлануучу аймак акыр-чикирден толук тазаланды. Камила Талиева акциянын катышуучулары менен баарлашып жатып, Бишкек шаарынын мэриясына бул аймакты багып өстүрүп  камкордукка алуу үчүн "КУУнун Ж. Баласагын атындагы паркы" деп атоо идеясын берүүнү сунуш кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: