Рио-2016: Кыргыз дзюдочусу Отар Бестаев утулуп калды

Бразилияда Олимпиада оюндарына катышып жаткан Кыргыз мамлекетинин дзюдочусу Отар Бестаев утулуп калды. Бестаев бүгүн, 6-августта алгачкы беттешинде египеттик Абелрахман Ахмедди утуп, экинчи беттеш - жарым чейрек финалда азербайжандык Орхан Сафаровго уттуруп койду. Спортчу муну менен медаль утуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
Белгилей кетсек, дзюдо боюнча медаль утуу үчүн кыргыз командасынын дагы мүмкүнчүлүгү бар. 100 килограммдык салмакта мекендешибиз Юрий Краковецкий алдынкы күндөрү килем үстүнө чыгат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Сен барбадынбы утат элен
сен бир аз тайып кеткен окшойсун
А то упай бизде болчу