Президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун миссия башчысы менен жолугушту
Бүгүн, 10-апрелде Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия департаментинин миссия башчысы Кристиан Беддис менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын аталган фонд менен болгон кызматташтыгы жөнүндө маселелер талкууланды. Беддис президент Алмазбек Атамбаевге кыргыз өкмөтү менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө маалымат берди. Жолугушууга Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы өкүлү Коба Гвенетадзе да катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

