Японияда аба ырайынын кандай болорун көрсөтө турган "акылдуу" кол чатыр иштелип чыкты

Күн бүркөлгөн сайын "Кол чатыр алуу керекпи же жокпу?" деген ой көчөгө чыгып жатканда ар бир адамды түйшөлтөрү шексиз. Эми мындай ой менен адамдар эки анжы болбой эле койсо болот экен, себеби япониялык өндүрүүчүлөр аба ырайынын кандай болорун алдын ала айтып бере ала турган кол чатырларды иштеп чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.
Инновациялык гаджет "Jonas" деп аталат. Мындай аталыш 18-кылымда алгач ирет жаан-чачында кол чатыр колдонгон британиялык ойлоп табуучу Жонас Хенвейдин урматына аталган.
Кол чатыр атайын кубаттагыч менен иштейт, атайын орнотулган жарык бергичи бар. Ошондой эле кол чатырды силкүүдө таасир көрсөтүп, оордук күчүн билдирген сенсору бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Gyiwak

08.08.2016. 13:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
таң калыштуу... Японияга бир барып келсем арманым жок эле..
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.