Бишкек шаарында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жарнамалаган такталар иретке келтирилүүдө






Бишкек шаарында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата жарнама такталары иретке келтирилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Талапка ылайык келбеген жарнама такталарын алуу иштери атайын кызматтар менен биргеликте түн ичинде да жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө Манас, Чыңгыз Айтматов, Чүй, Жибек-Жолу, Абдрахманов, Байтик баатыр көчөлөрүндө жарнамаларды иреттөө иштери жүргүзүлгөн. Иш-чаранын жүрүшүндө 8 жарнама тактасы алынган.
Бишкек шаардык мэриясы шаардыктарды жана жарнама такталарын илген жарандарды шаардын көркү үчүн тартипке баш ийүүгө чакырды. Ал эми Бишкек шаардык мэриянын Муниципалдык башкармалыгы шаардагы көлөмдүү жарнак тактайларын илүүнүн тартиби менен иштөөнү улантууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.