super.kg logo

Өлкө аймагында 7 ай аралыгында 3 миңден ашуун жол кырсыгы катталган

 

2016-жылдын 7 айында республика аймагында 3059 жол кырсыгы катталды. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 17,1 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жетекчиси Эркин Баев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Жыл башынан бери жол кырсыктарынан 477 адам каза тапса, 3679 адам ар кандай жаракаттарды алган. Ал эми 7 айда өспүрүмдөрдүн катышуусунда 905 жол кырсыгы катталып, 80 бала каза тапкан. Өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарынын келип чыгышына көп учурда ата-эне, айдоочулар себепкер болушууда. Анткени балдар кароосуз калып, аларга түшүндүрүү иштери толук кандуу жүргүзүлбөй жатат”, - деди Эркин Баев.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта мурдагы Жол-кайгуул кызматы Патрулдук милиция башкы башкармалыгы болуп өзгөртүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.08.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртеге дагы бир акылдуусу айтып чыгат оң рульдуу машиналар күнөөлү деп өздөрүнүн күнөөсүн мойнуна албай кыргызстанда 50% же андан көп пайыз айдоочулар окубай эле сатылып алынып жаткандары менен иштери жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: