super.kg logo

Хиллари Клинтон, Путин, Обама жана башка дүйнөгө белгилүү инсандардын жылмаюу тартуулаган өзгөчө граффити сүрөттөрү (фото)

 
Купальникчен жана хиджаб кийген Хиллари Клинтон
АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамптын аялы Мелани Трамп
Актриса Анжелина Жоли
Качан көз жумары жазылган ырчы Тейлор Свифт
Тейлор Свифт редизайндан соң
Германиянын канцлери Ангела Меркель
АКШнын президенти Барак Обама
Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп
Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II
Кембриж герцогинясы Кейт Миддлтон
АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп
Ким Кардашьян
Ким Кардашьян
Ырчы Эми Уайнхаус
Актриса Линдси Лохан
Актёр Жек Николсон
Ырчы Бейонсе
Ырчы, актриса Майли Сайрус
"Поп-музыканын падышасы" аталган Майкл Жексон

Жакында эле Австралиянын Мельбурн шаарындагы көчөлөрдүн биринде АКШнын президенттигине талапкерлер Хиллари Клинтон жана Дональд Трамптын жубайы Мелани Трамптын сүрөтү түшүрүлгөн провокациялуу граффити тартылган. Аталган өлкөнүн стрит-арт-сүрөтчүсү Лушсух (Lushsux) аларды жылаңач жана келесоодой көрсөтүп, баарына күлкү тартуулаган. Бирок шаар бийлиги граффити сүрөттөрдү адамдын кадыр-баркына шек келтирет деп таап, аларды жоготууну талап кылган. Жадакалса тамашакөй сүрөтчүнүн Инстаграмдагы баракчасы да жабылган. Бирок ал өзүн жоготпой сүрөттөрдү редизайндан өткөргөн, тагыраагы, кайрадан тартып чыккан. Хилларинин купальникчен сүрөтүн хиджаб кийген аялга айлантса, Мелани Трамптын сүрөтү оригиналдуу кооздоо менен уланган.

"Эми менин эмгектерим эч кимдин ачуусун келтирбейт деп ойлойм. Эгерде андай болсо, демек, сиз улутчул, исламдын фанаты же ксенофоб (чет өлкөлүктөрдү улутуна, динине, расалык тиешелүүлүгүнө карап басмырлоо, аларды жек көрүү) болосуз", - деп билдирген сүрөтчү.

Бул сүрөттөр топтомунан белгилүү саясатчылар Барак Обама, Владимир Путин, Ангела Меркель, Кембриж герцогинясы Кейт Миддлтон, өзгөчө тулку бою менен популярдуу Ким Кардашьян, ырчылар Тейлор Свифт, Майли Сайрус, актриса Анжелина Жоли жана башкалардын дүйнөнүн ар кайсы жеринде түшүрүлгөн граффити сүрөттөрүн назарыңыздарга тартуулайбыз. Алардын кай бирлери коомчулукта убагында ызы-чуу жаратышса, кээ бири дагы деле андагы жашоочуларга күлкү тартуулап келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: