super.kg logo

Бишкектин Көк-Жар конушунда 9 кабаттуу бир нече үйдүн курулушу бүтпөсө, алдын ала акча бергендер митингге чыгышат (фоторепортаж)

 

Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда 9 кабаттуу бир нече үйдүн курулушу 1 жылдан бери токтоп, 300 адам нааразы болууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта нааразы болгон 300 адамдын атынан түзүлгөн комиссиянын төрайымы Нурлана Исмаилова билдирди.

Маалыматка ылайык, Көк-Жар конушунда 2012-жылы үйлөрдү кыргыз-араб "Аль-Хнейзи" жоопкерчилиги чектелген коомунун буйрутмасынын негизинде “О.П.П.С. Строй” курулуш компаниясы куруп баштаган. Бирок ушул күнгө чейин курулуш иштери бүтпөй, токтоп калган. Учурда 9 кабаттуу үйлөрдүн айрымдары 6-кабатка чейин курулса, айрымдарынын пайдубалы түптөлгөн боюнча турат. Батир сатып алуу үчүн жергиликтүү 300 адам катталган. Алардын айрымдары 16 миң АКШ долларынан баштап 60 миң АКШ долларына чейин каражат төлөшкөн.

"Жогорку Кеңештин депутаттарына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине, прокуратурага кайрылганбыз. Маселебиз чечилбей, Ак үйдүн алдына 100гө жакын адам митингге да чыкты. Мен 2013-жылы 3-майда келишим түзүп, 16 миң АКШ долларын банк аркылуу төлөгөм. "О.П.П.С. Строй" курулуш компаниясынын жетекчиси Руслан Хамдамов бир канча жолу убада берип, алдап келген. Анын мыйзамсыз аракеттери үчүн текшерүү болуп, ал азыр убактылуу кармоочу жайда жатат", - деп кошумчалады Исмаилова.

Маалым болгондой, курулуш жүрүп жаткан 1 гектар 75 сотук жер "Аль-Хнейзи" жоопкерчилиги чектелген коомуна 49 жылга ижарага берилген. Эми жашоочулар же каражаттан жок, же турак жайдан жок, 5 жылдан бери тийиштүү кызматтарга кайрылып келишет. Турак жай үчүн насыяга акча алып каражат салгандардын айрымдары иштеген жеринде бала-чакасы менен жетекчисинен уруксат сурап жашап жаткандар экени айтылды.

"Мындан ары массалык маалымат каражаттары аркылуу өлкө жетекчилерине жана коомчулукка кайрылуу жасайбыз. Эгерде дагы маселебиз чечилбесе, анда "Ала-Тоо" аянтына 300 адам жакын туугандары менен митингге чыгат", - деп кошумчалады Исмаилова.

Ал эми турак жайдан үмүт кылып, 15 миң АКШ долларына алданып калганын айткан дагы бир жабырлануучу Алиса Исманалиева буларга токтолду: "Мен 2014-жылы аталган компанияга 15 миң АКШ долларын төлөгөм. Учурда эч кандай курулуш жүрбөй турат. Курулушка тиешелүү техникалардын баары чыгарылган. Каражатты мурдагы үйүмдү сатып, анан төлөдүм эле".

Учурда жергиликтүү тургундар 1000 сомдон каражат чогултуп, курулушу токтоп калган турак үйлөрдү кайтарууга кароолчу жалдашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.08.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азыр кризис болгону учун токтотулган. Акчалары жок болсо эмнесине куруп беришсин?
08.08.2016. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Курулбай калдыго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: