super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Мурдагы сүйгөнүмдү эстесем ичимден эзилип, ыйлагым келип кетет"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мурдагы сүйүктүүлөрүбүздү эстейбиз" деген тема талкууга алынууда.

Теманы ачкан колдонуучунун суроосу:

"Мурда сүйлөшүп жүргөн жигитиңер же кызыңар менен урушканыңарга өкүнбөйсүңөрбү?"

Темага калтырылган жооптор:

"Бир жагынан өкүнгөм, бир жагынан сүйүнгөм десем да болот. Көбүрөөк өкүндүм окшойт. Ошол себептен мурда сүйлөшкөнүм менен азыр кайра жарашып алгам".

"Мурдагы сүйгөнүмдү эстесем ичимден эзилип, ыйлагым келип кетет. Эх, жашоо... Ал жигит акылдуу, жылдыздуу, бою узун, тулку бою келишимдүү, күлсө жүзү кошо күлгөн бала болчу. Аябай кызганчумун, себеби ага жабышкан кыздар көп эле. Эң жаманы, көп иччү. Ошонун айынан урушчубуз. Күнүгө эле мас болчу эмес, тойдо, отуруштарда ичип баса албай калганда уялчумун. Жалдырап, жалбарып кечирим сурап кайра сүйлөшүп калчубуз. Ата-энем каршы болду, айла жок мамилени үзүүгө туура келди. Телефон чалып, жазып жүрдү, бирок мен жооп берген жокмун. "Сен мени алкаш деп таштап кеттиң, сени жоготконум үчүн күчүмдү арактан чыгарып жатам" деген билдирүүлөрүн жазып жибериптир. Ыйлап, ыйлап 5 жыл өттү. Ал жок көнүп деле калдым, бирок эсимден чыкпайт. Азыркы жашоосу эмне болуп жатат деп көп ойлойм. Турмуш куруп, балалуу болуп, бактылуу жашап жатса экен деп тиленем. Мен азыркы жашоомо өкүнбөйм. Жолдошум мени сыйлап, эч кимге алмаштырбай, урбай-сокпой, эч нерседен кем кылбай карап жатат. Өткөн сүйүү өттү, кетти. Азыр бала-чакалуу келинмин. Эми сүйүүм бир гана балдарым, жолдошум үчүн".

"Менин мурдагы жигитим акыркы жолу "бактылуу бол, карындашым" деп коштошкон".

"Кайсы бирин эстеп отурайын, бүгүн бирөөсү менен коштошуп, эртең 12 кыз менен таанышып жатсам... Мурдагы күндөгүлөрдү эстей албайм. Эстегенге убактым да болбой калып жатат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
08.08.2016. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
менин суйуум Алтын Апама !!!!
08.08.2016. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KaiMak,Апага Балага болгон суйуу башкача
08.08.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эски сүйүү эстен кетпейт, жанысы баркка жетпейт. Мындан 5 жыл мурун кыз -жигит катары сүйлөшүп жүргөн адамды унутпайм. Жаштык кылып, болбогон нерсеге таарынышып кеттик. Ал Москвага кеттип калды. Кээде аны сагынам. Бир жолу ага агенттен жазып, жеке жашоосуна кызыгып калдым. Баардыгы кеч, сен да бактылуу бол деп айткан. Бирок өкүнүп деле кереги жок деп ойлойм. Анткени бул буйрук. Эн негизгиси менин азыр сүйлөшкөн адамым бар.
12.12.12 түзөттү 2016-08-08 17:16:04
08.08.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жеткенчекти жетпестен калган жакшы,
Жетип азап чеккиче арман жакшы.
Сага жакшы сезилсе булуттуу кол,
Мага жакшы коктом жер жемиши коп.
08.08.2016. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
отконду эстеп атин деп жашагыча келечекти ойлоп балким деп жашаш керек экен мен окуном урушушуп кеткениме бирок азыр айдай балам жылдыздуу айалым бар мурдагы суйумду эстесем ыйлагым келет
08.08.2016. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурдагы суйуумду эстегендекозумо жаш келип бактылуу кундор эске тушот,ал адам чечкиндуу болчу. бирок жеринин алыстыгынан жана да апамын каршылыгынан улам эки жолго тушконбуз.Аллахка шугур азыр жолдошум тушунуктуу. Бирок баары бир эске тушкондо окунуп калам
08.08.2016. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда эстесем журогум эсилип кыйналып кетем озум кунолуумун катту суйуп алганыма канча чуркадым бир жылдай чуркадым окшойт ал кыз озу калабады суйлошчу бирок сага турмушка чыкпайм деп ынабай койду эх мейлида озунун тандоосу
08.08.2016. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тез тез эле эске тушуп турат бирок окшош кызды коруп калсам эле ошол эмес бекен деп кайра кайра карай берем
09.08.2016. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эх,кандай гана армандуу жылдар отуп жатат мен учун,13жыл!эч эсимден кетпейт,бассам турсам анын бактылуу болушун тилечумун,караанын коруп турууга зар элем,умутум акталды,ал жигит азыр эл козундо,бактылуу деп ойлойм,аялы,балдары,акча,бийлик баары бар!а мен байкуш жалгыз кара далы жанмын?мен бактысыз болсом да,анын бактысы учун суйуном.
09.08.2016. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки жыл суйлошуп бир да ортодо жакын мамиле болуп ичтеги айта албагаг толук туйгулар калып кетти айтылбай жылуу создорум коп эле бизди ортоло алыстык суйуубузду алыстатты конулду муздатты ойлор бузулду булга себеп ал адамдын чечкинсиз экени да болду канча туура эмес кылып конул оорутса да конул бурбай кечирип журдум, акыркы токтомго келгенибиз биз жашоодо бирге болсок да ажырашуу кунубуз келишин сездим жек коргону аракет кылдым азыр суйлошпой чекит койдук бирок тушумо коп кирет депрессиядамын ((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: