super.kg logo

Орусиялык компания "Айтыш фильм" киностудиясы менен биргеликте "Сулайман-Тоо" тасмасын тартууга киришти

 

Орусиялык "Дип коммьюникейшн" компаниясы "Айтыш фильм" киностудиясы менен биргеликте "Сулайман-Тоо" толук метраждуу тасмасын тартууга киришти. Тасманын режиссёру - Елизавета Стишова, продюсерлери - Елена Яцура жана Садык Шер-Нияз. Бул тууралуу "Айтыш фильм" студиясынын басма сөз кызматы бүгүн, 8-августта кабарлады.

"Сулайман-Тоо" тасмасында заманбап жашоодогу окуялар баяндалат. Тасмада эки аялы бар, уурулук менен жан баккан 45 жаштагы Карабастын жашоосу чагылдырылат. Расмий никеде турган Жыпара аттуу аялы экөөнүн ортосунда уулу бар. Бирок Карабас түрмөдө отурган убакта уулу балдар ооруканасынан дайынсыз жоголуп кеткен. Карабас аялына боору ооруп, аны менен жашап жүрөт, бирок бул аёо сезими анын Турганбүбү деген жаш сулууну сүйүп калуусуна тоскоол болбойт. Турганбүбүнүн Карабастан кош бойлуу экенин билген Жыпара күйөөсүн кетирбей алып калуу үчүн айласыздан балдар үйүнөн бала багып алат.

Тасманы тартуу иштери толугу менен сентябрь, октябрь айларында Кыргыз Республикасынын аймагында болору пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
08.08.2016. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн жакшы оркундой бер кыргыз киносу ушул бир моокумду кандыра турган кино тартылбай журот а сизден садык шернияз умутубуз чон кыргыз киносуна жаны жакшы ачылыштарды киргизе бериниз
09.08.2016. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!!!Бир гана жери Кыргыздарды шерменде кылбай жакшы жактарын тартса болду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: