Ысык-Көл. Каракол шаарында Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгы белгиленет
11-апрелде Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы драма театрда белгилүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракеси белгиленет. Аталган шаардын вице-мэри Гүлназ Орозованын маалыматына таянсак, иш-чарага А.Масалиевдин жакын туугандары, убагында чогуу иштеген замандаштары, шаар жетекчилиги катышат. Анда коомдук ишмердин басып өткөн жолу, ишмердүүлүгү, адамдык касиети тууралуу эскерүү сөздөрү айтылып, концерттик программа тартууланат. Айта кетсек, Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде Баткен облусундагы Кадамжай районунун Алыш айылында жарык дүйнөгө келген. 2004-жылы 31-июлда 71 жаш курагында каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

