Рио-2016: Бүгүн кыргыз спортчулары Денис Петрашов менен Иззат Артыков күчтөрүн сынашат (анонс)



"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын төртүнчү мелдеш күнүндө 15 комплект медаль ойнотулат. Оюндардын расмий сайты кабарлагандай, бул күнү каноэ, байдарка менен жарышуу, сууда сүзүү, ат спорту, фехтование, көркөм гимнастика, дзюдо, ок атуу, оор атлетика боюнча жеңүүчүлөр аныкталмакчы.
Бүгүн, 9-августта өлкөбүздүн спортчулары да өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Бишкек сааты боюнча 22:00дө сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов бассейнге чыгат. Ал брасс стилинде 200 метр аралыкка жарышка түшөт.
04:00дө болсо оор атлетика боюнча мелдештер старт алат. 69 килограмм салмакта "А" тайпасында медаль үчүн Иззат Артыков жан үрөмөкчү.
Кошумчалай кетсек, буга чейин дзюдочу Отар Бестаев, сууда сүзүү боюнча Дарья Таланова, мушкер Эркин Адылбек уулу жана оор атлетика боюнча Жаңыл Окееванын ийгилик жаратабыз деген тилектерин таш каап, мелдештин эшигин жабышкан.

samash-87 Сен чонтогунон толоп бердинби акчасын,эмне анча ичин тар.
Спортчуларга ийгилик каалайм.
Утулуп калышкан спортчулардын акывалын ойлонуп атам,алар деле кыжаалат болуп атышса керек.
16-жаштагы Денис өзүнүн группасында 6 болуп кийинкиге отпой калды.
Бир топ эле жаш экен.