Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган казак аял кармалды
Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган казак аял кармалды. Чек ара кызматынан кабарлашкандай, 8-августта кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” көзөмөл-өткөрүү жайынан 1993-жылы туулган Л.Ш. аттуу казак жараны кызын башка бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен Кыргыз Республикасынын аймагына алып өтүүгө камынган. Кармалган аял кичүү кызынын күбөлүгүн аламын деп улуу кызынын күбөлүгү менен алмаштырып баса бергенин айткан. Тиешелүү документтер толтурулган соң ал ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.