Бишкекте "мечиттин жанынан велосипед уурдаган" деген шек менен 51 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте "мечиттин жанынан велосипед уурдаган" деген шек менен 51 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 29 жаштагы О.Э. кайрылган. Анда ал 6-июль күнү саат 18:30 чамасында Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан мечиттин жанынан белгисиз жаран велосипедин уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 51 жаштагы Т.К. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.