Түркиянын күч органдары адам өлүмүнө шектелип кармалган кыз Кыргыз Республикасынын жараны экенин тастыкташты

Түркиянын күч органдары адам өлүмүнө шектелип кармалган кыз Кыргыз Республикасынын жараны экенин тастыкташты. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчилиги Конья шаарынын Коопсуздук башкармалыгы менен байланышып, кармалган кыз К.Б. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны экенин такташкан. Учурда кылмышка шектүү сурак берүүдө”, - деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы.
Айта кетсек, 7-август күнү түркиялык басылмалар Конья шаарындагы турак үйлөрдүн биринде 24 жаштагы үй ээси Муаммер Башактын жансыз денеси табылганын жана бул кылмышка шектелип Кыргыз Республикасынын 21 жаштагы жараны Б.Канзада жана С.Хусейин аттуу түрк жараны кармалганын жазып чыгышкан. Анда суракка алынган кыз Муаммер Башакты өлтүргөнүн мойнуна алган.

ото окунучтуу. биз уй булобуз менен чет жерде жашайбыз ,кыргыз дээрлик жокко эсе деп журсом келген кыздардын кобу сойкулук кылып акча таап кочого чыгышпайт экен. жолдошум орус тааныштары айтканынан чычалап, урушуп-талашып жатып айткан жерге барышса чындык болуп чыкты. ата-энен, ага-инин жокпу, акчаны башка жол менен тапса болбойбу деген суроолорго ото орой, "жолун менен кете бер, братан, башты оорутпай" деген жооп алды. эмгиче ачуусу таркабай ызаланып журот кыргыз учун.
ойлуу болуп осушу тарбиянын жоктугунан кабар берет. Тарбия коргон, абийирдуу, намыстуу уул-кыздар кайда журбосун ата-энесине наалат алып келбей бир жакшына журушот.
Бул жакта Туркияда эркектер базарда ,эркектер талаада,эркектер кафеде эркектер магазинде , эркектер бакчада иштешет
Аа биздечи, дарбыз сатканыда аялзат ,мал базарда аялзат ,ээ койчу кайран соз силерге Кыргыз эркектери ...