super.kg logo
  Саясат  

Путин менен Эрдоган жолугушуп, эки тараптуу маселелерди талкуулашууда

 

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жолугушту. Орусиялык ММКлардын маалыматына таянсак, Путин Эрдогандын сапары орусиялык Су-24 учагын атып түшүрүү окуясынан кийин бузулган эки мамлекеттин алакасын калыбына келтирүүгө болгон аракет экендигин айтты. Ошондой эле жолугушууда Путин Москва менен Анкаранын ортосундагы соода-экономикалык жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу маселеси талкуулана турганын белгиледи.

Ал эми Эрдоган өз сөзүндө Москва менен Анкаранын кызматташуусу аймактагы көйгөйдү чечүүгө салым кошо турганын айтты. Андан сырткары Путинге Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин дароо телефон чалып колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Учурда жолугушуу жабык эшик артында өтүп жатат.

Эске салсак, былтыр 24-ноябрда Түркия менен Сирия чектешкен аймактан орусиялык аскердик учак атылып түшүрүлгөн. Түркиялык тарап учак аба мейкиндигин бузганы үчүн атылганын билдирсе, Орусия андай болбогонун айтып, ошондон бери эки өлкөнүн мамилеси жакшы эмес. Орусия аталган окуя боюнча Түркиянын расмий кечирим сурашын жана мындай кадамга эмне үчүн барганын түшүндүрүп берүүсүн, каза тапкан аскерге компенсация төлөп берүүсүн талап кылып келген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: