super.kg logo
  Саясат  

Орусия менен Түркиянын ортосундагы соода-сатыкты 100 миллиард долларга жеткирүү максаты коюлду

 

9-августта Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусиянын Санкт-Петербург шаарында болуп өткөн жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып Түркия тарап "Турецкий поток" долбоорун ишке ашырып, Орусиянын газын Европага өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле Түркия Орусия менен коргоо өндүрүштүк жаатында дагы кызматташууга кызыкдар экенин, Москва-Анкара кызматташтык огу ордуна келерине ишеним артарын кошумчалады. Орусия менен Түркия ортосундагы соода-сатыкты 100 миллиард долларга жеткирүү максаты коюлгандыгын маалымдап, "Аккую" долбоорун куруу боюнча бир чечимге келишкени жана бул долбоорго стратегиялык инвестиция макамы берилерин айтты.

Путин менен Эрдогандын жолугушуусун Орусиялык ММКлар жакшы жана натыйжалуу деп мүнөздөшүп, мамиленин оңолушу эки өлкөгө тең жакшы жыйынтык алып келерин болжолдошууда.

Бул жолугушууну ММКлардан тышкары көрүнүктүү саясатчылар дагы пикирсиз калтырышкан жок. Алардын бири Федералдык кеңештин спикери Валентина Матвиенко "жолугушууга экономикалык блоктогу министрлердин катышуусу чоң жыйынтыктарды алып келди" деп белгилеп, “Орусия менен Түркиянын кызматташтыгы бир эле аймактагы коопсуздукту камсыз кылбастан, глобалдык коопсуздукка дагы чоң салым кошот” деп айтканын "Лента.ру" жазып чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: