super.kg logo

Баткен. "Өспүрүм кызын зордуктаган" деп шектелген жаран мамлекет аралык издөөгө жарыяланды

 

Баткен облусунда 16 жаштагы кызын зордуктап жүрүп, кызы кош бойлуу болуп калганда Орусияга качып кеткен жаран мамлекет аралык издөөгө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.

"Окуя 2015-жылы болгон. Анда аялы ооруп, шаарга 2 айга дарыланганга кеткенде 1973-жылы туулган жаран 16 жаштагы кызын зордуктап жүргөн. Кийин кызынын боюнда бар экенин билип, өткөн жылдын декабрь айында Орусияга чыгып кеткен. Учурда ал кайсы шаарда экени белгисиз. Кылмышка шектүүнүн апасы небересин Тажикстанга алып барып дарынын жардамы менен төрөткөнү маалым. Бала тирүү же өлүү төрөлгөнү белгисиз, ымыркай Марказ айылына алынып келинип жерге берилгени айтылууда. Кийин 16 жаштагы кыз катуу ооруп калып дарыланган, бул тууралуу кеп айылга тарап, окуя тууралуу белгилүү болгон. 5-август күнү кылмышка шектүүнүн аялы окуяны милицияга билдирип, арыз жазган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү мамлекет аралык издөөгө жарыяланды", - деп билдирди Сейитов.

Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, милиция кызматкерлери Тажикстанга да жиберилген. Алар кыздын кайсы ооруканада төрөгөнүн жана ымыркай кайсы жакта жерге берилгенин иликтеп чыгышмакчы.

"Бул үй-бүлө окуяны жашырууга болгон күч-аракеттерин жумшаган. Бирок бул тууралуу айылга белгилүү болгондон кийин кылмышка шектүүнүн аялы милицияга арыз менен кайрылган. Кылмышка шектүүнүн ата-энеси 70 жаштан өтүп калган, окуя тууралуу бирин айтса, бирин жашырууда. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, себеби арыз ээсинин сөздөрүнөн башка далилдер жок болууда. Жакынкы убакыт аралыгында баары белгилүү болот", - деп кошумчалады Сейитов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(14)
10.08.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ташбараңга алыш керек мындайларды,тууган урук,айылдаштары
10.08.2016. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Оххо уят еле еми кантип журот ел мн
10.08.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Иий мындайды эч кимдин башына бербесин. Эмне болуп атасынар айланайындар, бир кана олум жазасын ачып токтотпосок болбой калдыго, кучогондон кучоп атат.
Agysha түзөттү 2016-08-10 11:47:35
10.08.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бул да Марказдан боло бекен?
10.08.2016. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
баткенге не болгон
10.08.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
skarpion-90, баткенге эмес, элге эмне болуп атат десен окшошот.
10.08.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Куру намыс деп журуп дагы мине болуп кетет экенбиз, ошол 70 ата энеси баш болуп кызды до конца омурун келечегин талкалаптыр. Уятсыздар
10.08.2016. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул ишти жашырып элге угузбай тынчытыш керек эле, эми жер бетинде кантип басып журосун. Толук маалымат берсенер, оз кызыбы же огой кызыбы? Оз кызы болсо кантип колу барды акмактын. Кызы да эртерек зордолуп жургонун апасына айтса болмок, арак ичкен немего аты жонун жазсанар.
10.08.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ыйман жоктугунан
10.08.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оо кудай эмнелер болуп жатат я?! Жолоочу аялды баласынын козунчо анан кыйла жашка чыккан чон-энени. Эми оз кызынан пайдалангандар да жаралган беле? Башын иштетип кызын окутуп жакшына турмушка узатуунун ордуна напсин тыя албай озу да тентиреп башка элде бул жактагыларын да элге уят кылып эех. Оо кудай озун ыйман ынсап бере кор. ;(
10.08.2016. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аллахым өзүң сакта!
10.08.2016. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Урматтуу супер инфо ушул окуя туралуу толук фамилья атын жазсаныздар. Сураныч
10.08.2016. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмне деген заманга келип калдык,мен бул корунуштордун баарына эркектерди кунолойм айбандан айырманар калбай калдыго...
11.08.2016. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
orhideya-12345, анда куноологонду алгач атандан, ага-инилеринден жана куйоондон башта, кийинчерээк тизмеге оз уулдарынды кошууну унутпа!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: