Алмазбек Атамбаев коло медаль ээси Иззат Артыков менен телефон аркылуу сүйлөшүп, "биз сени менен сыймыктанабыз" деп айтты

Бүгүн, 10-августта президент Алмазбек Атамбаев "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында коло медаль тагынган Иззат Артыков менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны жеңиши менен куттуктады. Мамлекет башчы анын бул жеңиши бардык Кыргыз мамлекетинин эли үчүн чоң кубаныч экенин белгиледи. "Эртең менен миңдеген кыргыз эли түз эфирден көрүп, сен үчүн күйүп-бышып, сени колдоп турушту. Сенин жеңишиң баарыбызга өз өлкөбүз үчүн сыймыктануу сезимин берет, а жаштарга өз күчүнө ишенүүнү кошот. Биз сени менен сыймыктанабыз!" - деди Атамбаев.
Ошондой эле Иззат Артыковдун ийгилиги кийинки оюндарга чыкчу спортчуларга дем берерин кошумчалады. Кыргыз мамлекетинин элинин атынан ага ден соолук, бакыт-таалай, жаңы ийгиликтерди каалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
3

Ушинтип куттуктап дух Берип тургула
Жаны оюнга чыгатургандарга деле чалып дем куч Берип тургула Президентибиз чалып деп куч Берип жатат деп кичине чыйралып медалга талпынышат
Ээ неге олимпиадага катышкан спортчулар азайып кеттат...тренерденда завистит этет.малодец тренер..