super.kg logo
  Спорт  

Рио-2016: Колдон жулунган коло медаль, байге үчүн багын сынаган 19 спортчу (спортчулардын көрсөткүчтөрү+фото)

 

Ошентип, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасы да жыйынтыкталды. 6 спорт түрүнөн 19 спортчу ийгиликтен үмүт кылып, ондогон сааттарды артта калтырып Бразилияга барган. Албетте, спортчулардын ийгилигине бир саамга кубанган учурлар болду. Бирок көбүрөөк бушайман болуп, ич ачышкан учурлар эсте калды окшойт.

Иззат Артыков коло медаль утканда терибизге батпай кубанып, спортчуну мекендештери көкөлөтө мактап жатышты. Бирок медалдын маңдайга жазылбаганы бир топ күндөн кийин белгилүү болду. Окуянын мындай өнүгүшү көпчүлүк үчүн күтүүсүз болуп, көбү "мында саясат бар" деген пикирди карманып турушат.

Калган спортчулардын ичинен балбандарга жана дзюдочуларга тоодой ишеним артылган. "Тажрыйба жана күчкө бай спортчулар байге алышат" деген ишеним чоң болчу, бирок алар да байгеге бир кадам жетпей токтошту. Балбандар Арсен Эралиев менен Айсулуу Тыныбекова, дзюдочу Юрий Краковецкий кыргыз спортчуларынын ичинен эң жакшы көрсөткүчкө ээ болушту.

Жеңил атлеттерибиздин, суучулдарыбыздын чемпиондукка талапкер атаандаштарына тең ата оюн көрсөтө албасы башта эле белгилүү болчу. Боксчубуз Эркин Адылбек уулу эл аралык тажрыйба жетишпегендиктен алгачкы беттешинде жеңилди.

Олимпиадага аттанган спортчулар: Юлия Андреева, Мария Карабицкая, Виктория Полюдина, Дарья Маслова, Илья Тяпкин (жеңил атлетика); Арсен Эралиев, Руслан Царев, Мурат Рамонов, Жанарбек Кенжеев (грек-рим күрөшү); Айсулуу Тыныбекова, Магомед Мусаев, Айаал Лазарев (эркин күрөш); Эркин Адылбек уулу (бокс); Дарья Таланова, Денис Петрашов (сууда сүзүү); Иззат Артыков, Жаңыл Океева (оор атлетика); Юрий Краковецкий, Отар Бестаев (дзюдо).

6-август

Дзюдо. 60 килограмм салмакта татамиге чыккан дзюдочу Отар Бестаев (сүрөттө көк түстөгү кимоно менен) 1/16 финалда египеттик Абелрахман Ахмедди уткан. Бирок чейрек финалдык жолдомо үчүн беттеште спортчубуз азербайжандык Орхан Сафаровго утулуп калды. Жыйынтыгында 35 спортчунун ичинен 9-орунду ээледи.

Бокс. Мекендешибиз Эркин Адылбек уулу 81 килограмм салмак категориясында рингге чыгып, жарым чейрек финалда колумбиялык Хуан Карлос Каррильо Паласиого утулуп калды. Калыстар жеңишти бир ооздон каршылаш тараптын пайдасына чечишти (30:27, 29:28, 30:27). Мушкер бул салмак категориясында 17-орунду ээледи.

Оор атлетика. Олимпиадага аз калганда жолдомо алган спортчу Жаңыл Океева оор атлетика боюнча мелдеште 10-орунду ээледи. 48 килограмм салмакта күч сынаган спортчунун көрсөткүчү: жулкуп көтөрүүдө 72 килограмм, түртүп көтөрүүдө 97 килограмм.

7-август

Сууда сүзүү

Олимпиадага атайын чакыруу менен барган Дарья Таланова 100 метр аралыкка брасс стилинде жарышка түштү. Спортчу бул аралыкты 1 мүнөт 10,94 секундада сүзүп өттү, бирок башкалар андан мыкты болуп, жердешибиз 33-орунду ээледи.

9-август

Сууда сүзүү. Бул күнү 16 жаштагы спортчу Денис Петрашов бассейнге чыгып, брасс стилинде 200 метр аралыкта жарышка түштү. 200 метр аралыкты спортчу 2 мүнөт 16,57 секундада багындырып, мелдешке катышкан 39 спортчунун ичинен 38-орунду ээледи.

10-август

Оор атлетика. Бул күнү Олимпиадага көз салган Кыргыз Республикасынын жарандарынын күнү тууду. Иззат Артыков мелдештеги биринчи медалды алып (коло медаль), жердештерин катуу кубантты. Спортчу 69 килограмм салмакта мелдешке катышкан. Спортчу жулкуп көтөрүүдө 151 килограммды, түртүп көтөрүүдө 188 килограммды көтөрдү.

Эл аралык спорт арбитраждык сотунун 18-августтагы чечимине ылайык, спортчунун канынан адамдын нерв системин дүүлүктүрө турган стрихнин заты табылган. Буга байланыштуу анын жыйынтыгы жокко чыгарылып, коло медалын башка спортчуга берүү каралууда.

12-август

Дзюдо. 4 беттеш өткөргөн Юрий Краковецкий байгеге илинбей, мелдештен четтеди. Ал 100 килограмм салмакта 1/16 финалда германиялык Андре Бейтбартты, жарым чейрек финалда украиналык Хаммо Яковду утуп алган. Бирок жарым финалдык жолдомо үчүн беттеште өзбекстандык Абдулло Тангриевге утулду. Коло медаль үчүн кармаштын алгачкы раундунда кубалык Алекс Гарсия Мендозаго утулуп, 7-орунду ээлеп калды.

Жеңил атлетика. 10 миң метр аралыкка чуркоого 37 спортчу катышкан. Кыргыз мамлекетинин желеги астында чыккан Дарья Маслова бул аралыкты 31 мүнөт 36,9 секундада багындырып, 19-орунду ээледи.

14-август

Марафон. Кыз-келиндер 42 чакырым 195 метр аралыкка марафонго чуркашты. Жарышка түшкөн 156 спортчунун катарында мекендештерибиз Юлия Андреева, Мария Карабицкая жана Виктория Полюдина да болушту. Спортчулар алдынкы 50 спортчунун катарына кире алышкан жок.

Юлия Андреева 59-орунду ээледи (марага 2 саат 40 мүнөт 34 секундада жетти).

Виктория Полюдина 62-орунду ээледи (убактысы: 2 саат 41 мүнөт 37 секунда).

Мария Карабицкая 156 спортчунун ичинен 94-орунду ээледи (2 саат 47 мүнөт 53 секунда).

Грек-рим күрөшү. 59 килограмм салмактарда килемге чыккан Арсен Эралиев 3 беттеш өткөрүп, экөөндө утулуп калды. Ал алгач учурдагы Дүйнө чемпиону кубалык Исмаэль Борреро Молинага утулган. Атаандашынын финалга чыкканы Арсенге коло медаль үчүн күрөшүү укугун берген. Коло медалга карай кармашта спортчубуз кытайлык Ванг Люминди утту (4:2 эсеби катталды). Коло медаль үчүн беттеште ал өзбек спортчусу Эльмурат Тасмурадовго утулуп калды (13: 8 эсебинде). Натыйжада 5-орун менен чектелди.

15-август

Грек-рим күрөшү. Бул күнү 2 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды. 85 килограмм салмакта күрөшкөн Жанарбек Кенжеев менен 130 килограмм салмакта килемге чыккан Мурат Рамоновду ийгилик коштогон жок. Кенжеев Германиянын өкүлү Денис Кудлага утулду (2:0). Атаандашы финалга жетпей утулгандыктан, ал коло үчүн күрөшүү укугунан ажырады жана 21 балбандын ичинен 15-орунду ээледи.

Ал эми Мурат Рамонов орусиялык Сергей Семёновго утулду (8:4). Атаандаштарынын финалга жетпей утулуп калганынан улам ал дагы коло медаль үчүн күрөшкөн жок. Ошентип, балбан 19 балбандын ичинен 11-орунду камсыздады.

16-август

Грек-рим күрөшү. 66 килограмм салмакта Руслан Царев килемге чыкты. Анын атаандашы алжирлик Тарек Азиз Бенайсса болуп, 6:0 эсебинде утулуп калды. Ошентип, Руслан алтын же күмүш медаль тагынуу укугунан ажырап калган. Атаандашы финалга чыгып, балбаныбыз коло медаль үчүн кармашууну улантат деген тилек орундалган жок. Тарек Азиз Бенайсса чейрек финалда азербайжандык Расул Чунаевге утулуп калды. Царев 17 балбандын ичинен 17-орунду ээлеп калды.

17-август

Эркин күрөш. Балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова 58 килограмм салмакта килемге чыкты. Ал мелдештин 1/8 финалында бразилиялык Жойс Сильваны (11:8), чейрек финалда Финляндиянын өкүлү, Европанын учурдагы чемпиону Петра Маарит Оллини утту (14:7). Жарым финалда болсо орусиялык Валерия Кобловага жеңилип калды (4:1). Коло медаль үчүн кармашта Айсулуу Индиянын спортчусу Малик Сакшиге утулуп (5:8), 5-орунду ээлеп калды.

20-август

Эркин күрөш. Балбан Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта күрөшүп, мелдештин 1/8 финалдык баскычында Европанын вице-чемпиону, польшалык Роберт Баранга утулуп калды (5:1). Атаандашынын чейрек финалда утулуп калганы аны коло медаль үчүн кармашты улантуу укугунан ажыратты. Жыйынтыгында бул балбаныбыз да үйүнө куру кайтмай болду (20 балбандын ичинен 15-орунду ээледи).

21-август

Эркин күрөш. 97 килограмм салмакта килемге чыккан Магомед Мусаев жарым чейрек финалда монголиялык Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде утту. Чейрек финалда ал украиналык Валерий Андрийцевге жеңилди. Атаандашы финалга чыкпай калгандыктан, спортчубуз коло медаль кармашуу укугунан айрылып, мелдештин эшигин жабууга мажбур болду (19 спортчунун ичинен 9-орунду ээледи).

Марафон. 42 чакырым 195 метр аралыкка болгон жарышта кыргыз спортчусу Илья Тяпкин 86-орунду ээледи. Жарышка жалпысынан 155 жөө күлүк катышкан. Спортчубуз бул аралыкты 2 саат 23 мүнөт 19 секундада багындырды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(205)
20.08.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчисин утту биринчисин
20.08.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызбы Айаал Лазарев
20.08.2016. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Утуп кетсе эркек анда.
Айсулуудан кийин коргум келбей калды эле
20.08.2016. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Роберт баран десе
20.08.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Утулуп калды биздин балбан.
Точно Айаал экен
20.08.2016. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу легионерлер жарытпайт экен ! Аларга умут артпай эле койгонубуз он ! Мумкун болушунча озубуздун улуттук курам тузулсо ,жакшы болмок
20.08.2016. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sara07,Өзүбүздүкү деле кыйраткан жокко...менимче спортчуларды, өзүбүздүкү бирөөнүкү деп бөлүү туура эмес деп ойлойм. Болгону спортко жалпы эл көңүл бурганы оң
20.08.2016. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Айаал спокойно женилип берди , аракет да кылганы корунбоду! Кыскасы , кыргызга кыргыз куйбосо башкасынан умут жок !
20.08.2016. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Sara07,Туура Кыргыз учун куйуп жанган Айсулуу мн Арсен болду калганы короз кант жегени эле баргансып дердейип турушуптур!
20.08.2016. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олимпиадан умутунорду узуп койгула туугандар!
20.08.2016. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кыргызстан олимпиадага катышпай эле койбопсунар.Узбекистан Казакстанды даже Тажик туугандар алтын алышты.Биздин спортсмендерге рахмат.2020га эч киминер барбай эле койгула
21.08.2016. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baltun,мен барам 2020
20.08.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
))) Баарын эле эми эмне дейбиз деп калыпсынарго ай ичииим )))) картошка чаап келип чарчап отуруп калгандай болуп калыпсынарго конул бургунарда келбей спортчуларга ))
20.08.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздин колону алгандан кийин Олимпиаданы коргум келбей калды
Ernis.98 түзөттү 2016-08-20 23:45:40
20.08.2016. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Калган экооно тен ишенич жок.
Биздин окмот жеп ичпей адал иш кылышса Иззаттын медалын тартып алмак эмес. атамбайлардын айынан эле болду
Sharos3 түзөттү 2016-08-20 23:52:31
21.08.2016. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эртең кубанабыз буйруса Магомед Мусаев медал алат эркекче маанайды көтөргүлөөөө!!!
21.08.2016. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калыстар тобунда мындай иттер олтурганда, эч качан умуттонбой эле коёлу. Опкосун УЗО чаап, эле алып албаса, анда да допинг колдонгон деп жалаа жабышат. Бул ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-08-22 14:26:28
22.08.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Riokyrgyz, этика нормаларын сактаңыз!
21.08.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызстандын желегин эч ким которгон жок баары утулуп калды
21.08.2016. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Риодо олимпиада эмес, олимпиаданын атын жамынган шоу болду.
21.08.2016. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ABAkg86,соз эмес бекен !!
Модератор admin_media түзөттү 2016-08-21 14:58:56
21.08.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Магомед ийгилик
21.08.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Спортчуларга капа болбойлу,алар дагы баардык кучун жумшашты,бугун кубанабызбы же акыркы умутубуз жалп очобу билбейм,бирок алдыда дагы Олимпиадалар бар,быйылкысы ото эле саясатташып кетти,дуйнодо согуш,терроризм,коррупция гулдоп турган маалга,кризис кучоп,кыйындар кырчылдашып турган кезге туш келди,эки доо кармашса ортосунда кара чымын кырылат болуп атат,биздин Россиячыл мамлекетке киргенибиздин дагы далай азабын тартабыз го.
21.08.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Америка Олимпиада закондорун озу бийлеп турганда алардын допинг колдонбогонуна эч ким кепилдик бере албайт дагы,ишенбейт да,каалаган продукттан каалаган зат табыла берет,биздин организмибизде канчалаган заттар кандын басымын которот,энергия берет,биз ошондон куч-кубат алып жашап атпайбызбы олуп калбай,ошон учун тамак-аш,суусундук ичебиз,аны каалагандай допингге каралчу заттардын списогуна кошо калып жатышат,короче была бы статья,а человек найдется кылышты да Изатты.
21.08.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магомет эле калды ишенген. Утса флагды ошо которобу анда закрытиеде?
21.08.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ураа, магомед женди
21.08.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Riokyrgyz, 7де деп турат го , же болуп жатабы?
21.08.2016. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уррааа Магамед жендии!!
21.08.2016. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
9:0
21.08.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магомед 9:0 м.н утту
21.08.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тяпкин эмне болду же эң акырында калып калып,"чарчап калдым"деп койдубу?
22.08.2016. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Рио 2016. Олимпиадага катышкан спортчулар баарыныздарга чон рахмат. Мен баарныздарга ишенгем кандай болсо да чын журоктон кыргызды намысын коргоо учун аракет кылдыныздыр. Сиздерге таазим. Бирок Кыргызсандын элинде куулук, ачкоздук, жалган жок, жайдары калкбыз.....ошон учун баарына шугур... Чын журоктон баарыныздар чон рахмат... Эч Ким сиздерге сын айтканга акысы жок...
22.08.2016. 06:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дуйнону дунгуроткон Манастын урпактарыбыз го.Кайда биздин баатырлар.Ич куйот.
22.08.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ жоктор дагы ХХХ ХХХ.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-08-22 11:09:15
22.08.2016. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sharos3, башка колдонуучуларды кемсинткен билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-08-22 11:10:58
22.08.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде кучтуу спортсмендер бар байгеге жете турган,карупция болуп кеткенби.
22.08.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Syper.kelin4ek, жеке билдирүүлөр купуяга!
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: