super.kg logo
  Спорт  

Рио-2016: Колдон жулунган коло медаль, байге үчүн багын сынаган 19 спортчу (спортчулардын көрсөткүчтөрү+фото)

 

Ошентип, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасы да жыйынтыкталды. 6 спорт түрүнөн 19 спортчу ийгиликтен үмүт кылып, ондогон сааттарды артта калтырып Бразилияга барган. Албетте, спортчулардын ийгилигине бир саамга кубанган учурлар болду. Бирок көбүрөөк бушайман болуп, ич ачышкан учурлар эсте калды окшойт.

Иззат Артыков коло медаль утканда терибизге батпай кубанып, спортчуну мекендештери көкөлөтө мактап жатышты. Бирок медалдын маңдайга жазылбаганы бир топ күндөн кийин белгилүү болду. Окуянын мындай өнүгүшү көпчүлүк үчүн күтүүсүз болуп, көбү "мында саясат бар" деген пикирди карманып турушат.

Калган спортчулардын ичинен балбандарга жана дзюдочуларга тоодой ишеним артылган. "Тажрыйба жана күчкө бай спортчулар байге алышат" деген ишеним чоң болчу, бирок алар да байгеге бир кадам жетпей токтошту. Балбандар Арсен Эралиев менен Айсулуу Тыныбекова, дзюдочу Юрий Краковецкий кыргыз спортчуларынын ичинен эң жакшы көрсөткүчкө ээ болушту.

Жеңил атлеттерибиздин, суучулдарыбыздын чемпиондукка талапкер атаандаштарына тең ата оюн көрсөтө албасы башта эле белгилүү болчу. Боксчубуз Эркин Адылбек уулу эл аралык тажрыйба жетишпегендиктен алгачкы беттешинде жеңилди.

Олимпиадага аттанган спортчулар: Юлия Андреева, Мария Карабицкая, Виктория Полюдина, Дарья Маслова, Илья Тяпкин (жеңил атлетика); Арсен Эралиев, Руслан Царев, Мурат Рамонов, Жанарбек Кенжеев (грек-рим күрөшү); Айсулуу Тыныбекова, Магомед Мусаев, Айаал Лазарев (эркин күрөш); Эркин Адылбек уулу (бокс); Дарья Таланова, Денис Петрашов (сууда сүзүү); Иззат Артыков, Жаңыл Океева (оор атлетика); Юрий Краковецкий, Отар Бестаев (дзюдо).

6-август

Дзюдо. 60 килограмм салмакта татамиге чыккан дзюдочу Отар Бестаев (сүрөттө көк түстөгү кимоно менен) 1/16 финалда египеттик Абелрахман Ахмедди уткан. Бирок чейрек финалдык жолдомо үчүн беттеште спортчубуз азербайжандык Орхан Сафаровго утулуп калды. Жыйынтыгында 35 спортчунун ичинен 9-орунду ээледи.

Бокс. Мекендешибиз Эркин Адылбек уулу 81 килограмм салмак категориясында рингге чыгып, жарым чейрек финалда колумбиялык Хуан Карлос Каррильо Паласиого утулуп калды. Калыстар жеңишти бир ооздон каршылаш тараптын пайдасына чечишти (30:27, 29:28, 30:27). Мушкер бул салмак категориясында 17-орунду ээледи.

Оор атлетика. Олимпиадага аз калганда жолдомо алган спортчу Жаңыл Океева оор атлетика боюнча мелдеште 10-орунду ээледи. 48 килограмм салмакта күч сынаган спортчунун көрсөткүчү: жулкуп көтөрүүдө 72 килограмм, түртүп көтөрүүдө 97 килограмм.

7-август

Сууда сүзүү

Олимпиадага атайын чакыруу менен барган Дарья Таланова 100 метр аралыкка брасс стилинде жарышка түштү. Спортчу бул аралыкты 1 мүнөт 10,94 секундада сүзүп өттү, бирок башкалар андан мыкты болуп, жердешибиз 33-орунду ээледи.

9-август

Сууда сүзүү. Бул күнү 16 жаштагы спортчу Денис Петрашов бассейнге чыгып, брасс стилинде 200 метр аралыкта жарышка түштү. 200 метр аралыкты спортчу 2 мүнөт 16,57 секундада багындырып, мелдешке катышкан 39 спортчунун ичинен 38-орунду ээледи.

10-август

Оор атлетика. Бул күнү Олимпиадага көз салган Кыргыз Республикасынын жарандарынын күнү тууду. Иззат Артыков мелдештеги биринчи медалды алып (коло медаль), жердештерин катуу кубантты. Спортчу 69 килограмм салмакта мелдешке катышкан. Спортчу жулкуп көтөрүүдө 151 килограммды, түртүп көтөрүүдө 188 килограммды көтөрдү.

Эл аралык спорт арбитраждык сотунун 18-августтагы чечимине ылайык, спортчунун канынан адамдын нерв системин дүүлүктүрө турган стрихнин заты табылган. Буга байланыштуу анын жыйынтыгы жокко чыгарылып, коло медалын башка спортчуга берүү каралууда.

12-август

Дзюдо. 4 беттеш өткөргөн Юрий Краковецкий байгеге илинбей, мелдештен четтеди. Ал 100 килограмм салмакта 1/16 финалда германиялык Андре Бейтбартты, жарым чейрек финалда украиналык Хаммо Яковду утуп алган. Бирок жарым финалдык жолдомо үчүн беттеште өзбекстандык Абдулло Тангриевге утулду. Коло медаль үчүн кармаштын алгачкы раундунда кубалык Алекс Гарсия Мендозаго утулуп, 7-орунду ээлеп калды.

Жеңил атлетика. 10 миң метр аралыкка чуркоого 37 спортчу катышкан. Кыргыз мамлекетинин желеги астында чыккан Дарья Маслова бул аралыкты 31 мүнөт 36,9 секундада багындырып, 19-орунду ээледи.

14-август

Марафон. Кыз-келиндер 42 чакырым 195 метр аралыкка марафонго чуркашты. Жарышка түшкөн 156 спортчунун катарында мекендештерибиз Юлия Андреева, Мария Карабицкая жана Виктория Полюдина да болушту. Спортчулар алдынкы 50 спортчунун катарына кире алышкан жок.

Юлия Андреева 59-орунду ээледи (марага 2 саат 40 мүнөт 34 секундада жетти).

Виктория Полюдина 62-орунду ээледи (убактысы: 2 саат 41 мүнөт 37 секунда).

Мария Карабицкая 156 спортчунун ичинен 94-орунду ээледи (2 саат 47 мүнөт 53 секунда).

Грек-рим күрөшү. 59 килограмм салмактарда килемге чыккан Арсен Эралиев 3 беттеш өткөрүп, экөөндө утулуп калды. Ал алгач учурдагы Дүйнө чемпиону кубалык Исмаэль Борреро Молинага утулган. Атаандашынын финалга чыкканы Арсенге коло медаль үчүн күрөшүү укугун берген. Коло медалга карай кармашта спортчубуз кытайлык Ванг Люминди утту (4:2 эсеби катталды). Коло медаль үчүн беттеште ал өзбек спортчусу Эльмурат Тасмурадовго утулуп калды (13: 8 эсебинде). Натыйжада 5-орун менен чектелди.

15-август

Грек-рим күрөшү. Бул күнү 2 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды. 85 килограмм салмакта күрөшкөн Жанарбек Кенжеев менен 130 килограмм салмакта килемге чыккан Мурат Рамоновду ийгилик коштогон жок. Кенжеев Германиянын өкүлү Денис Кудлага утулду (2:0). Атаандашы финалга жетпей утулгандыктан, ал коло үчүн күрөшүү укугунан ажырады жана 21 балбандын ичинен 15-орунду ээледи.

Ал эми Мурат Рамонов орусиялык Сергей Семёновго утулду (8:4). Атаандаштарынын финалга жетпей утулуп калганынан улам ал дагы коло медаль үчүн күрөшкөн жок. Ошентип, балбан 19 балбандын ичинен 11-орунду камсыздады.

16-август

Грек-рим күрөшү. 66 килограмм салмакта Руслан Царев килемге чыкты. Анын атаандашы алжирлик Тарек Азиз Бенайсса болуп, 6:0 эсебинде утулуп калды. Ошентип, Руслан алтын же күмүш медаль тагынуу укугунан ажырап калган. Атаандашы финалга чыгып, балбаныбыз коло медаль үчүн кармашууну улантат деген тилек орундалган жок. Тарек Азиз Бенайсса чейрек финалда азербайжандык Расул Чунаевге утулуп калды. Царев 17 балбандын ичинен 17-орунду ээлеп калды.

17-август

Эркин күрөш. Балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова 58 килограмм салмакта килемге чыкты. Ал мелдештин 1/8 финалында бразилиялык Жойс Сильваны (11:8), чейрек финалда Финляндиянын өкүлү, Европанын учурдагы чемпиону Петра Маарит Оллини утту (14:7). Жарым финалда болсо орусиялык Валерия Кобловага жеңилип калды (4:1). Коло медаль үчүн кармашта Айсулуу Индиянын спортчусу Малик Сакшиге утулуп (5:8), 5-орунду ээлеп калды.

20-август

Эркин күрөш. Балбан Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта күрөшүп, мелдештин 1/8 финалдык баскычында Европанын вице-чемпиону, польшалык Роберт Баранга утулуп калды (5:1). Атаандашынын чейрек финалда утулуп калганы аны коло медаль үчүн кармашты улантуу укугунан ажыратты. Жыйынтыгында бул балбаныбыз да үйүнө куру кайтмай болду (20 балбандын ичинен 15-орунду ээледи).

21-август

Эркин күрөш. 97 килограмм салмакта килемге чыккан Магомед Мусаев жарым чейрек финалда монголиялык Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде утту. Чейрек финалда ал украиналык Валерий Андрийцевге жеңилди. Атаандашы финалга чыкпай калгандыктан, спортчубуз коло медаль кармашуу укугунан айрылып, мелдештин эшигин жабууга мажбур болду (19 спортчунун ичинен 9-орунду ээледи).

Марафон. 42 чакырым 195 метр аралыкка болгон жарышта кыргыз спортчусу Илья Тяпкин 86-орунду ээледи. Жарышка жалпысынан 155 жөө күлүк катышкан. Спортчубуз бул аралыкты 2 саат 23 мүнөт 19 секундада багындырды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(205)
16.08.2016. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мусаев менен Тыныбекова алга.Менин умутум ушуларда.
16.08.2016. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айсулуудан умутум чон
16.08.2016. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айсулуу утса экен....
16.08.2016. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айсулууду караап тургула АЛТЫН алат коросунор
16.08.2016. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик калган спортчуларга
16.08.2016. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
башындагы суротто эмне учун мышыкка (же маймылбы) кыргызстандын желегин котортуп койгон. осоор озун сыйлайт дейт. желекти сыйласанар боло.
17.08.2016. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
take19,ал быйылкы Олимпиаданын символу,кайсы олкодо отсо ошол олко озунун символун чыгарат,мисалы Кышкы Олимпиада откоргон Казахстандыкы ак барс болгон.
16.08.2016. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айсулуу карындашка ийгилик. Кудай колдосун.
17.08.2016. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айсулууга албетте ийгилик каалайбыз...(Кыргызстан даагы келип келип Бразилияга туура келип калганын кара.эми калыстарга нысап берсин!!!.Балгария,Эквадор же Молдавияга туура келгенде ийгиликтен күмөн жок эле).Эмнеси болсо да үмүттү үзбөй чоң жеңишти күтө туралы, Айсулуунун мелдеши адашпасам Кыргызстандын сааты боюнча 20:10 до башталат.
Abdyrashit.Satylganov түзөттү 2016-08-17 00:45:06
17.08.2016. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Канча таланттуу спортсмендерге лицензия бербейт комитет! Мисал: Ак аюу! Бала медал менен кайтат эле!
17.08.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
spinkub,Мыктыбек Мамасалиев (Ак аю) Эрежесиз эр уруш боюнча..Ал эми спорттун бул түрү Олимпиадада жок
17.08.2016. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Умут только Айсулууда калды жок дегенде бронзовый медаль алса жакшы болмок!!!
17.08.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бронзо алынызчы Айсулуу эжеееее !
17.08.2016. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Америкалыктар допингде эмеспи я баары .Калыстар тартпаса деле корунуп турат.ким кандай даярдыкта экени,озбек штангист 237 кг ны которду го.
17.08.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айсулу медал алат ишене бергиле
17.08.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
brazilialyktyn atasyn taanyt
17.08.2016. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айсулуу ишенимдуу жениш керек. очко менен кыйын. Сильванын артыкчылыктары бар; озунун олкосу, климаты, судьялар дагы бир аз тартат. Айсулуу жениш керек, ал татыктуу.
17.08.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айсулуу сени Алла таалам колдоп куч берсин. ИншаАллах сен утасын.
17.08.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айсулуудан умутум бар
17.08.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айсулуу ийгилик! Үмүттү акта!
17.08.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин балбандар аренадан качып кетпей, татыктуу туруп бергенине суйунолу!
17.08.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айсулуу биз сага утушту каалайбыз.
17.08.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айсулуу бирди алат. 100%
17.08.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүгүн Айсулуу утат, ал утушу керек...
17.08.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мэри, буюрса десен
17.08.2016. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айсулу сенде башка жол жок УТУШУҢ КЕРЕК Кыргыз эли баары сени карап турабыз сенден үмүтүбүз чоң.
17.08.2016. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айсулуу алтын медаль алса деп ойлойм
17.08.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айсулуу аракет кыл алтын медалды ал жана бизди кубандыр 10нан бери настрения жок
17.08.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айсулууга Аллахым куч - кубат берсин ! Кыргыз элимдин батасы тийсин !
17.08.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айсулуу Алтын медалды утуп кыргыздын жигиттерин намысына тийип койгун аялзаты мындай калк келебиз,биз баар жоктон барбыз деп )))) Сени Алла колдосун!
17.08.2016. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эл аралык аналитиктер Айсулууну болбоду дегенде коло алат дешиптир, андыктан жениш биздики болотго буюрса !!!!!
20.08.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sara07, ушул үчөө тең алтын жеңип алышса экен ошондо өзбектен да тажиктен да өтөт элек
17.08.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эк эч нерсе дебей эле куто туралычы.
17.08.2016. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Качан саат 19.00болот эээ.Аябай куттуп жатам.
17.08.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айсулуу учурдагы азия чемпиону !алга сенден умутубуз чон!
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: