super.kg logo
  Спорт  

Рио-2016: Колдон жулунган коло медаль, байге үчүн багын сынаган 19 спортчу (спортчулардын көрсөткүчтөрү+фото)

 

Ошентип, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасы да жыйынтыкталды. 6 спорт түрүнөн 19 спортчу ийгиликтен үмүт кылып, ондогон сааттарды артта калтырып Бразилияга барган. Албетте, спортчулардын ийгилигине бир саамга кубанган учурлар болду. Бирок көбүрөөк бушайман болуп, ич ачышкан учурлар эсте калды окшойт.

Иззат Артыков коло медаль утканда терибизге батпай кубанып, спортчуну мекендештери көкөлөтө мактап жатышты. Бирок медалдын маңдайга жазылбаганы бир топ күндөн кийин белгилүү болду. Окуянын мындай өнүгүшү көпчүлүк үчүн күтүүсүз болуп, көбү "мында саясат бар" деген пикирди карманып турушат.

Калган спортчулардын ичинен балбандарга жана дзюдочуларга тоодой ишеним артылган. "Тажрыйба жана күчкө бай спортчулар байге алышат" деген ишеним чоң болчу, бирок алар да байгеге бир кадам жетпей токтошту. Балбандар Арсен Эралиев менен Айсулуу Тыныбекова, дзюдочу Юрий Краковецкий кыргыз спортчуларынын ичинен эң жакшы көрсөткүчкө ээ болушту.

Жеңил атлеттерибиздин, суучулдарыбыздын чемпиондукка талапкер атаандаштарына тең ата оюн көрсөтө албасы башта эле белгилүү болчу. Боксчубуз Эркин Адылбек уулу эл аралык тажрыйба жетишпегендиктен алгачкы беттешинде жеңилди.

Олимпиадага аттанган спортчулар: Юлия Андреева, Мария Карабицкая, Виктория Полюдина, Дарья Маслова, Илья Тяпкин (жеңил атлетика); Арсен Эралиев, Руслан Царев, Мурат Рамонов, Жанарбек Кенжеев (грек-рим күрөшү); Айсулуу Тыныбекова, Магомед Мусаев, Айаал Лазарев (эркин күрөш); Эркин Адылбек уулу (бокс); Дарья Таланова, Денис Петрашов (сууда сүзүү); Иззат Артыков, Жаңыл Океева (оор атлетика); Юрий Краковецкий, Отар Бестаев (дзюдо).

6-август

Дзюдо. 60 килограмм салмакта татамиге чыккан дзюдочу Отар Бестаев (сүрөттө көк түстөгү кимоно менен) 1/16 финалда египеттик Абелрахман Ахмедди уткан. Бирок чейрек финалдык жолдомо үчүн беттеште спортчубуз азербайжандык Орхан Сафаровго утулуп калды. Жыйынтыгында 35 спортчунун ичинен 9-орунду ээледи.

Бокс. Мекендешибиз Эркин Адылбек уулу 81 килограмм салмак категориясында рингге чыгып, жарым чейрек финалда колумбиялык Хуан Карлос Каррильо Паласиого утулуп калды. Калыстар жеңишти бир ооздон каршылаш тараптын пайдасына чечишти (30:27, 29:28, 30:27). Мушкер бул салмак категориясында 17-орунду ээледи.

Оор атлетика. Олимпиадага аз калганда жолдомо алган спортчу Жаңыл Океева оор атлетика боюнча мелдеште 10-орунду ээледи. 48 килограмм салмакта күч сынаган спортчунун көрсөткүчү: жулкуп көтөрүүдө 72 килограмм, түртүп көтөрүүдө 97 килограмм.

7-август

Сууда сүзүү

Олимпиадага атайын чакыруу менен барган Дарья Таланова 100 метр аралыкка брасс стилинде жарышка түштү. Спортчу бул аралыкты 1 мүнөт 10,94 секундада сүзүп өттү, бирок башкалар андан мыкты болуп, жердешибиз 33-орунду ээледи.

9-август

Сууда сүзүү. Бул күнү 16 жаштагы спортчу Денис Петрашов бассейнге чыгып, брасс стилинде 200 метр аралыкта жарышка түштү. 200 метр аралыкты спортчу 2 мүнөт 16,57 секундада багындырып, мелдешке катышкан 39 спортчунун ичинен 38-орунду ээледи.

10-август

Оор атлетика. Бул күнү Олимпиадага көз салган Кыргыз Республикасынын жарандарынын күнү тууду. Иззат Артыков мелдештеги биринчи медалды алып (коло медаль), жердештерин катуу кубантты. Спортчу 69 килограмм салмакта мелдешке катышкан. Спортчу жулкуп көтөрүүдө 151 килограммды, түртүп көтөрүүдө 188 килограммды көтөрдү.

Эл аралык спорт арбитраждык сотунун 18-августтагы чечимине ылайык, спортчунун канынан адамдын нерв системин дүүлүктүрө турган стрихнин заты табылган. Буга байланыштуу анын жыйынтыгы жокко чыгарылып, коло медалын башка спортчуга берүү каралууда.

12-август

Дзюдо. 4 беттеш өткөргөн Юрий Краковецкий байгеге илинбей, мелдештен четтеди. Ал 100 килограмм салмакта 1/16 финалда германиялык Андре Бейтбартты, жарым чейрек финалда украиналык Хаммо Яковду утуп алган. Бирок жарым финалдык жолдомо үчүн беттеште өзбекстандык Абдулло Тангриевге утулду. Коло медаль үчүн кармаштын алгачкы раундунда кубалык Алекс Гарсия Мендозаго утулуп, 7-орунду ээлеп калды.

Жеңил атлетика. 10 миң метр аралыкка чуркоого 37 спортчу катышкан. Кыргыз мамлекетинин желеги астында чыккан Дарья Маслова бул аралыкты 31 мүнөт 36,9 секундада багындырып, 19-орунду ээледи.

14-август

Марафон. Кыз-келиндер 42 чакырым 195 метр аралыкка марафонго чуркашты. Жарышка түшкөн 156 спортчунун катарында мекендештерибиз Юлия Андреева, Мария Карабицкая жана Виктория Полюдина да болушту. Спортчулар алдынкы 50 спортчунун катарына кире алышкан жок.

Юлия Андреева 59-орунду ээледи (марага 2 саат 40 мүнөт 34 секундада жетти).

Виктория Полюдина 62-орунду ээледи (убактысы: 2 саат 41 мүнөт 37 секунда).

Мария Карабицкая 156 спортчунун ичинен 94-орунду ээледи (2 саат 47 мүнөт 53 секунда).

Грек-рим күрөшү. 59 килограмм салмактарда килемге чыккан Арсен Эралиев 3 беттеш өткөрүп, экөөндө утулуп калды. Ал алгач учурдагы Дүйнө чемпиону кубалык Исмаэль Борреро Молинага утулган. Атаандашынын финалга чыкканы Арсенге коло медаль үчүн күрөшүү укугун берген. Коло медалга карай кармашта спортчубуз кытайлык Ванг Люминди утту (4:2 эсеби катталды). Коло медаль үчүн беттеште ал өзбек спортчусу Эльмурат Тасмурадовго утулуп калды (13: 8 эсебинде). Натыйжада 5-орун менен чектелди.

15-август

Грек-рим күрөшү. Бул күнү 2 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды. 85 килограмм салмакта күрөшкөн Жанарбек Кенжеев менен 130 килограмм салмакта килемге чыккан Мурат Рамоновду ийгилик коштогон жок. Кенжеев Германиянын өкүлү Денис Кудлага утулду (2:0). Атаандашы финалга жетпей утулгандыктан, ал коло үчүн күрөшүү укугунан ажырады жана 21 балбандын ичинен 15-орунду ээледи.

Ал эми Мурат Рамонов орусиялык Сергей Семёновго утулду (8:4). Атаандаштарынын финалга жетпей утулуп калганынан улам ал дагы коло медаль үчүн күрөшкөн жок. Ошентип, балбан 19 балбандын ичинен 11-орунду камсыздады.

16-август

Грек-рим күрөшү. 66 килограмм салмакта Руслан Царев килемге чыкты. Анын атаандашы алжирлик Тарек Азиз Бенайсса болуп, 6:0 эсебинде утулуп калды. Ошентип, Руслан алтын же күмүш медаль тагынуу укугунан ажырап калган. Атаандашы финалга чыгып, балбаныбыз коло медаль үчүн кармашууну улантат деген тилек орундалган жок. Тарек Азиз Бенайсса чейрек финалда азербайжандык Расул Чунаевге утулуп калды. Царев 17 балбандын ичинен 17-орунду ээлеп калды.

17-август

Эркин күрөш. Балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова 58 килограмм салмакта килемге чыкты. Ал мелдештин 1/8 финалында бразилиялык Жойс Сильваны (11:8), чейрек финалда Финляндиянын өкүлү, Европанын учурдагы чемпиону Петра Маарит Оллини утту (14:7). Жарым финалда болсо орусиялык Валерия Кобловага жеңилип калды (4:1). Коло медаль үчүн кармашта Айсулуу Индиянын спортчусу Малик Сакшиге утулуп (5:8), 5-орунду ээлеп калды.

20-август

Эркин күрөш. Балбан Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта күрөшүп, мелдештин 1/8 финалдык баскычында Европанын вице-чемпиону, польшалык Роберт Баранга утулуп калды (5:1). Атаандашынын чейрек финалда утулуп калганы аны коло медаль үчүн кармашты улантуу укугунан ажыратты. Жыйынтыгында бул балбаныбыз да үйүнө куру кайтмай болду (20 балбандын ичинен 15-орунду ээледи).

21-август

Эркин күрөш. 97 килограмм салмакта килемге чыккан Магомед Мусаев жарым чейрек финалда монголиялык Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде утту. Чейрек финалда ал украиналык Валерий Андрийцевге жеңилди. Атаандашы финалга чыкпай калгандыктан, спортчубуз коло медаль кармашуу укугунан айрылып, мелдештин эшигин жабууга мажбур болду (19 спортчунун ичинен 9-орунду ээледи).

Марафон. 42 чакырым 195 метр аралыкка болгон жарышта кыргыз спортчусу Илья Тяпкин 86-орунду ээледи. Жарышка жалпысынан 155 жөө күлүк катышкан. Спортчубуз бул аралыкты 2 саат 23 мүнөт 19 секундада багындырды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(205)
12.08.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу кайсыл куну чыгат?
13.08.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
HAPPY.GIRL,Жогоруда жазылып турат чон болуп мектепти кайсы класска чейин окугансыз ))))
12.08.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Юрий брат ийгилик сага!
12.08.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец Краковецкий немецти женди
12.08.2016. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Украинаны да женди азамат
13.08.2016. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кудаа кааласа үмүт бар, алга Кыргызстан!!!
13.08.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
алга КЫРГЫЗ алга КЫРГЫЗСТАН
13.08.2016. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Калгандарыга Аллахым куч кубат бер олкобуз женишке детишки!
13.08.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Медалдан умут үзбөйлүү Айсулуу мн Арсен Жанар дегендерден умут бар
13.08.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Магомед Мусаев да алышы мумкун
13.08.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Дарья Маслова жакшы эле корсоткучту алыптыр 37 ден 19чу болгон жакшы эле!
13.08.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
калган спортчулар алдынкы орундарды алышын каалайм
13.08.2016. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
Эми калган спортчуларга коло Медал эмес,калай Медал дагы жок.
13.08.2016. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Тезек медалга дагы жарабагандан кийин барбай эле койбойбу.Уйдо баатыр жоодо жок деген ушулар.Кыргызстанда 2-3 серевнованияда 3-4 озу тендуулорду уткан.Ошол кучу менен олимпиага барып не кылышат.
16.08.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Samash-87,оозуна келгенди оттой бербечи. Колдоп дем куч бергендин ордуна адамдын духун тушуруп жатасын.
13.08.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айсулуу, Арсен,Мусаев ушулардан озгочо умутум Чон.медаль утушат.Калган спортчуларга да ийгилик, мумкун аларда медаль утуп калышар.
13.08.2016. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айсулуу,Арсен,Жанар,Магомед,Руслан,Мурат ушулар медаль алат буйруса
13.08.2016. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилек Баатыров женилип калды
14.08.2016. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Samash87 сен сайраганга эле балбансын го ))
14.08.2016. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балбандарыбыз медалга илинсин оо кудай озун колдо
14.08.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик баарына
14.08.2016. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен ишенип атам медаль алышына
14.08.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Крош бул биздин каныбызда бар аз машыгабыз бирок барибир женип алабыз башка олколордун даярдыктары куну туну машыгат бирок бизге жетпейт бизге тан калат аз машынып коп медал аласынар деп а быйыл Арсен байке куну туну машыкты мен ойлойм жыйынтыгын беретко деп бирок атандаштары отто кыйын балдар бардыгы чемпион ото кызу тартыш болот
14.08.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздикилер сразу эле кыйындарга туш болот экенда.Арсен кубалык менен дейтко,бул жакта туруп менин журогум тушуп атат.эй кудай Арсенге куч кубат бере кор,которуп чапсын алдынан чыккандын баарын.)))Лондондо утулганда жаман болду эле,Эми мунусунда ылайым алтын утуп калсын.
14.08.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тиги кубалыктын бою биздикен узун, веси оорурак экен. Торт жолу алтын медаль утуптур не дешти да билбей турам. Умут деген узулбойтта утат деп ишенели Кудайдын боору ооруп биз тарапка медаль берсе экен.
Bema50000 түзөттү 2016-08-14 11:31:54
14.08.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тигил атандашы ото кучту борецкен.
Арсенге ишенебиз бирок!
14.08.2016. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спортчуларыбызга ийгилик медал менен кайткыла алга Кыргызстан.
14.08.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куч атасын тааныбайт.антип чемпион экен деп чочулаштын кереги жок.спортто баары болуп кетиши мумкун.эн башкысы Арсен сага ишенебиз.духту тушурбойлу
14.08.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ийгилик колдосун КЫРГЫЗ спортчуларын!
14.08.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арсен башталышынан кучтуу атаандашка туура келиптир,ийгилик. Ошол чемпионду утсан эле болду жениш сеники. Ийгилик!!!
14.08.2016. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах жар болсун спорчуларыбызга.
14.08.2016. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бассам турсам оюм Айсулуу болуп калды.алтын кыз ийгилик сага.чоон чон умутубуз бар.
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: